Ноокатта үч адам иске ууланып каза болду, алардын бири 9 жаштагы бала

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айылынын эки тургуну жана алардын 9 жаштагы небереси иске ууланып каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 21-февралга караган түнү болгон. 63 жана 62 жаштагы жубайлар өз үйүндөгү жертөлөдө жайгашкан от жагуучу бөлмөдө уктап жаткан жеринде көмүр газына ууланып каза табышкан.

Милиция соттук-медэксперттер менен кошо сырттан кароо жүргүзүп, алардын денесинен зомбулуктун белгилерин байкаган эмес.

Ал эми маркумдардын жакындары эч кимге арыз-доосу жок экенин билдиришкен.

2021-жылдын ноябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 6 жашар кыз жана 4 жаштагы эгиз балдар иске ууланып каза болушкан. Ал эми балдардын 23 жаштагы энеси оор абалда аймактык ооруканага түшкөн.

Ал эми өткөн жылдын башында Сузактын Кашка-Терек айылында аял үч баласы менен иске ууланып каза болгон. Чарчап калган наристелердин бирөө 5 жашта, экөө 3 жаштагы эгиз балдар болгон.

Маркумдун жолдошу Орусияда 2018-жылдан тарта эмгек миграцияда иштеп жүргөндүктөн, аял үйүндө кайнене жана кайнатасы менен жашаган.

Тема боюнча:

Сузакта үч жаш бала иске ууланып чарчап калды. Балдардын энеси оор абалда

Сузакта аял үч баласы менен иске ууланып каза болду. Арасында эгиздер да бар