Президенттер келет кетет, Акылбек Жапаров калат. Өкмөт башчы жыл жыйынтыгын чыгарды

Акылбек Жапаров. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 3-январда «Кабар» улуттук маалыматтык агенттигине кеңири маек куруп, минкабдын 2022-жылга карата аткарган ишине философиялык жактан токтолуп жыйынтыктады. «Клооп» Акылбек Жапаровдун айткандарын кыскача баяндап берет.

Биз жакшы кылдык, жаманына тышкы факторлор себеп

Жапаров быйыл өкмөт бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмүн эселеп өстүрүп, «куралдуу күчтөргө буга чейин болуп көрбөгөндөй көңүл буруп», айлык маяна жана пенсияларды көтөрө алды деп эсептейт.

«Бул жомок эмес, бүгүнкү күндөгү реалдуулук. Муну бизге оппонент болуп жүргөндөрдүн бири да тана албайт», — деди ал.

Өкмөт башчы негативдүү жагдайлар да бар экенин моюндады — баалардын кымбатташы жана «пенсиялар менен айлык акылардын жогорулашын жокко чыгарган» инфлация. Жапаровдун пикиринде, келип чыккан локдаундар ал түгүл «дүйнөнүн гигант экономикаларын да солгундатты».

Бирок Акылбек Жапаров командасы натыйжалуу иштерди жүргүздү жана «элдин жаңы жылды тосууга беймарал даярданып жатканы — ошол аткарылган жумуштардын натыйжасы» деп эсептейт.

Коррупцияга катуу сокку уруу

Жапаровдун пикиринде, «“Кумтөрдү” элге кайтарып берүү — экономикалык эмес, руханий акт». Ал бул «элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да — өз коркуубузду, өз күчүбүзгө ишенбөөчүлүктү жеңүү» деп эсептейт.

Ошондой эле минкабдын башчысы кен боюнча маселенин дал ушундай чечилиши «коррупцияга катуу сокку болду», себеби өлкөнүн азыркы жетекчилиги аларга чейинки башчылардай болуп «“Кумтөрдөн” ижара акысын» албай турганын көрсөттү деп билдирди.

Аны менен бирге Жапаров коррупцияны толук жок кылуу мүмкүн эмес болсо да деңгээлин мүмкүн болушунча азайтса болорун, «ал үчүн бийлик башында турган адамдар таза болушу керектигин» белгиледи.

«Азыр биз мамлекетибизди акырындан ичинен жеп жаткан негизги залалдуу шишикти алып койдук, эми калган метастаздары менен күрөшүү жеңил [болот]», — деп эсептейт Жапаров.

Акылбек Жапаров менен Садыр Жапаров. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Баткен үчүн «керектүү каражаттар табылды»

Минкабдын башчысы 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулар — бир жагынан каза тапкандар үчүн «жалпы кайгы», бир жагынан жоокерлердин эрдиги үчүн «бир муштум менен өлкө үчүн оор мезгилде тикесинен тик турган коомубуздун сыймыгы» экенин белгиледи.

«Баткен, ар кандай аскердик кагылышуулар сыяктуу эле — эл, мамлекет үчүн чоң сыноо болду жана биз бул сыноодон татыктуу өттүк. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекет керектүү каражаттарды табууга жетишти, башкача айтканда, кандайдыр бир коопсуздукту түзө алдык. Мен муну өкмөттүн ишине баа берүүдөгү маанилүү жагдай деп эсептейм», — деп билдирди ал.

Тема боюнча окуңуз: Баткен: Тургундарга убадаланган 420 үйдүн 2си гана курулуп бүттү

Кемпир-Абад: «каршы чыгып жаткандардын да чындыгы» бар

Кемпир-Абад маселесинде коомду бийликтин тарапташтары жана бийликке «жутунгандар» деп экиге бөлгөн президент Садыр Жапаровго караганда өкмөт башчысы Акылбек Жапаров бийликке умтулбаган жарандар бар экенин моюнга алды, бирок алардын башка көздөгөн кызыкчылыктары бар дейт. Ошол эле кезде чиновник суу сактагычты Өзбекстанга берүү чечиминин жөндүүлүгү менен адилеттүүлүгүнөн күмөн санайт.

«Бул учурда өлкө жетекчилигинин чындыгы өлкө үчүн пайдалуу болсо, ага каршы чыккандардын чындыгы күтүүсүз жана терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эсептейм. Бирок мен бул эки полемикалуу тараптардан тышкары суу сактагыч маселесин өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылган үчүнчү тараптар болгонун баса белгилеп кетким келет. Алар үчүн “Кемпир-Абад” жөн гана шылтоо — бийликке келүү үчүн өлкөдөгү кырдаалды солгундатуу», — дейт аткаминер.

«Саясатчы келет кетет, аткаминер калат»

Ар бир бийликтин тушунда мамлекеттик кызматта иштегени тууралуу айтылган сындарга Жапаров өз мисалын оң тенденция деп атап жооп берди: «жөнөкөй мамлекеттик кызматкерди да окутуу үчүн жылдар керек».

«Демек, көп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеген кадрларды жоготуу өлкөгө чоң зыян алып келүүдө. Көп кылымдык мамлекеттүүлүк тарыхы бар өнүккөн өлкөлөрдө бул көйгөй жаратпайт. Жетекчиликтин алмашышы менен тиешелүү квалификацияга жана тажрыйбага жараша чиновниктердин аппараты өзгөрүүсүз калат. Бул жагынан алганда мамлекеттик кызматкер менен саясатчынын айырмасын так ажыратыш керек. Саясатчы келип кетет, чиновник калат», — дейт ал.

Ал эми өзүн болсо Жапаров «саясатчы жана чиновниктин сапаттарын айкалыштырган категорияга кирген» адам катары сыпаттады.

«Турмуштук кырдаалга жараша мен же саясатчымын, же чиновникмин», — деп кошумчалады ал.

Ал эми каалаган убакта, каалаган бийлик менен иштөөгө даярбы деген суроого Жапаров «Мезгилдерди тандабайт, алардын ичинде жашайт жана өлөт» деген сөз бар экенин айтып жооп берди.

«Жигердүү адам, өзгөчө саясатчы, жагымдуу учурду күтпөйт, андай убакыт эч качан келбеши мүмкүн, адам жакшы президент, жаман президент жана башка ушул сыяктуу категориялар менен гана ойлонбойт. Тарыхтын кыймылы, өзгөчө сиз жашаган өлкө үчүн токтобойт. Шартка карабай бир нерсе кылыш керек, иштеш керек. Өлкө үчүн бир нерсе кылууга аракет кылыш керек. Ал эми тарых баарын таразалайт, өз ордуна коёт», — деп эсептейт ал.

Акылбек Жапаров башында турган минкабдын азыркы курамы 2021-жылдын 13-октябрында бекитилген. Жапаровдун Минкабдын төрагалык кызматына талапкердигин президент өзү көрсөткөн.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду «казынаны толтуруу» боюнча «макулдашкандыктан» өкмөт башчылык кызматка дайындаганын айтып түшүндүргөн.