Баткен: Тургундарга убадаланган 420 үйдүн 2си гана курулуп бүттү

Жергиликтүү тургун жана талкаланган үйлөр. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында үйсүз калган тургундар үчүн 2 гана үй курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 27-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтылды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев «Аманат Курулуш Инвест» компаниясы үйлөрдү жаңы жылга чейин курууга жетишпегенин айтты. Анын сөзүндө, мамлекеттик казынадан тийиштүү 1 млрд 400 млн сом бөлүнгөн. Бирок учурда пландалган 400дөн ашуун үйдүн экөө гана пайдаланууга берилди.

Мындан улам депутаттар бир гана курулуш компаниясы тандалып алынганын, ал алган акчасынын 30% боюнча эле отчет бергенин сындашты. Алар келишимди камсыздоо кепилдиги 130 млн сом экенине карабастан 5 млн сом гана которгонун белгилеп, компаниянын жоопкерчилигин кароону сунуш кылышты.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланды.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жаан жаап, чатырдан суу өтүп жатат». Баткендиктер оңдоо иштери басаңдап жатканына тынчсызданууда