Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында Абдимуктар Маматов деген депутат болгон. Кадимки постсоветтик номенклатурадан чыккан бизнесмен: СССР маалында — жумушчу биография, андан соң мамлекеттик ишканалар менен бизнес тармагында мунай азыктарын ташып келүү менен алектенген. Кийин саясатка келген.

Атасынын мунайга болгон кызыгуусу уулу Акылбекке дагы өткөн. Ал өлкөдөгү ири деп саналган «биринчи улуттук» май куючу тармагы Red Petroleum компаниясына ээлик кылат. Орусиядан мунай импорттоо менен алектенет, ал эми 2015-жылдан тартып мамлекеттик сатып алууларга катышып келет.

Анын «Биорг Ойл» жана «Альфа Ойл» компаниялары 2015-2020-жылдары тендерден жана мамлекетке түз жеткирип берүүдөн миллиард сом пайда көргөн. Кызыгы, Акылбек атасы Жогорку Кеңешке шайланып, отун-энергетикалык комитетке мүчө болгондон баштап мамлекеттик сатып алууларда ийгилик жарата баштаган. Мыйзамга ылайык, аткаминердин тууган-уругу мамлекеттик сатып алууларга катыша албайт, бирок буга баары эле көз жумуп коюшат. Бул тууралуу «Клооп» буга чейин кенен жазган.

Бирок мамлекетке мунай азыктарын жеткирүүдөн үй-бүлөсүнө миллиарддарды Акылбек Маматов эле алып келбейт. 2020-жылдын октябрында парламенттик кайра шайлоодон бир нече ай мурда Абдимуктар Маматов Жогорку Кеңештеги креслосунан кол жууйт. Андан кийин, алардын үй-бүлөсү менен байланышы бар дагы бир компания — «Кыргыз Нафта» тендерлерге катыша баштаган. Документ боюнча бул фирма көмүр казуу менен алектенет. Ал эми анын негиздөөчүсү жана директору катары жаш ишкер Санжар Абилов көрсөтүлөт — ал экс-депутат Маматовдун аялы Турдукан Абилованын иниси.

«Кыргыз Нафтанын» иши дароо жүрүшө баштаган: өткөн жылдары жалпы суммасы 647 млн сомго 2300дөн ашык мамлекеттик келишим түзгөн.

Маматовдун уулунун «Альфа Ойл» компаниясы деле убакытын текке кетирген эмес. Компания 2019-2022-жылдары жалпы суммасы 685 млн сомго 1800дөн ашык келишим түзгөн. Болгондо да бул акчанын бешинчи бөлүгү компанияга тооруксуз, сатып алуучу уюмдар менен түз келишимдер аркылуу тийген.

Бирок формалдуу тоорук болгон жерде деле, чыныгы атаандаштык болгон эмес. Маматовдордун үй-бүлөсүнүн эки компаниясы дайыма бир эле тендерлерге катышып, бирөө сөзсүз утуп чыгат. «Клооп» «Альфа Ойл» менен «Кыргыз Нафта» 2020-жылдын августунан тартып атаандаш компанияларды кошпой бери эле дегенде тендерлерге 145 жолу катышышканын аныктады. Натыйжада жалпы 25,7 млн сомго келишим түзүлгөн.

Бул сумма компаниянын мамлекеттик сатып алуулардагы жалпы кирешесине салыштырганда анча деле чоң эмес. Бирок дал ушул тендерлерде «коррупция шакекчесинин» схемасын колдонуп, пайда көргөнү көрүнүп турат. Анткени бири-бирине байланышы бар болгон эки компания тендерге катышып, атаанташтык бар болгондой түр көрсөтүп, мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын алдагысы келип жатат.

Схема кандай иштейт?

Тендер — бул сатып алуучу уюм кызматты же товарды кандай көлөмдө жана канча сомдон сатып алууну каалап жатканын жарыялай турган мамлекеттик сатып алуунун процесси. Тендердин катышуучулары болсо товардын сатылуучу баасын сунушташат — бирок максималдуу баадан жогору болбошу керек. Эң аз бааны сунуштаганы [компания, кызмат көрсөтүүчү] утат.

Атаандаштык реалдуу болгон шартта тендердин ар бир катышуучусу утуп алууга жана эң төмөн бааны сунуштаганга аракет кылат. Бирок эгер тоорукка катышкандар ким канча сунуштаарын алдын ала билсе, кызматына же товарына чоң деле арзандатуу кылбай эле коё алат.

Алсак, Маматовдордун үй-бүлөсү катышкан тендерлерде алар сунуштаган баалар бири-биринен он, ал түгүл жүздөн бир пайызга айырмаланган. Айрым учурда эки баа тең келишимдин максималдуу баасы менен дал келген.

Таң калыштуусу, эки компания тең өз ара байланышы бар экенин жашырган эмес. «Альфа Ойл» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн катарында азыркыга чейин экс-депутат Акылбек Маматовдун уулу аталып келет. Анын тууганы Санжар Абилов [тендерге катышкан] экинчи компанияда — Акылбек Маматовдун «ОКС» курулуш компаниясында иштейт. Ошол эле учурда Абилов «ТОРУ» деген аталыштагы дагы башка үй-бүлөлүк компанияны жетектейт. Бул компаниянын негиздөөчүсү — Акылбек Маматовдун апасы Турдукан Абилова. Андан тышкары бул жаш жигит Маматовко таандык Red Petroleum май куюучу жайлардын түйүнүндө менежер болуп иштөөгө үлгүргөн.

«Кыргыз Нафтадан» «Клооптун» кабарчысын коммерциялык директор менен байланыштырууну убада кылып, бирок кайра өздөрү да байланыша албай жатканын айтып даттанышты. Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында «Альфа Ойл» компаниясынын байланыш номери көрсөтүлгөн эмес, ал эми Red Petroleum түйүнүнүн байланыш борборунда компаниянын PR-бөлүмүнүн номерин таба албай коюшту (компаниянын сайтында да телефон номерлер көрсөтүлгөн эмес). Абдимуктар Маматов өзү мурдараак «Клоопко» балдарынын бизнесине тиешеси жоктугун билдирген.

Жыйынтыктай турган болсок: бир үй-бүлөнүн мамлекеттик сатып алууларга биргеликте катышкан эки компаниясы бар. Көп учурда атаандашсыз катышышат — алар же сатып алуучу уюмдар менен соодалашпастан түз келишим түзүшөт же соодалашкан түр көрсөтүп, тендерлерде бирге катышышат. Ошентип, эки компания тең утуп чыккан тендерлердин саны боюнча өлкөгө мунай зат ташып келүүчү компаниялардын ичинен төртүнчүсү болуп калды.

Мыйзам боюнча, мамлекеттик жогорку саясий кызматтарда отурган адамдар (аларга парламент депутаттары да кирет) менен байланышы бар компаниялар тендерге катышууга жол берилбеши керек. Бирок эки компания тең — «Альфа Ойл» менен «Кыргыз Нафта» Абдимуктар Маматов парламентте гана отурбастан отун-энергетика профилдик комитетине мүчө болуп турганда сатып алууларга катышып келген.

Бирок, Маматов кызматтан кеткенден кийин дагы анын туугандары мыйзамды бузууну улантышууда — мыйзам боюнча, тендерге негиздөөчүлөрү жана жетекчилери бири-бири менен бизнес кызыкчылыктары бар болгон компаниялар катыша алышпайт.

Авторлордун бири: Мундузбек Калыков

                                                                      ТЕМА БОЮНЧА: