Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроолоруна жооп берип жатып Садыр Жапаровдун президент болуп шайланганга чейин ишин караган судья жана прокурорлор тууралуу айтып берди.
Акаев кылмыш ишин мыйзамсыз козгогондор жоопкерчиликке тартылышы керек деген маселе көтөрдү. Ал укук коргоочу Камил Рузиев менен мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иштерин мисал келтирди.
«Мисалы, ошол эле Садыр Жапаров да, акталды да? Аны камаган соттор, прокурорлор жазага тартылдыбы же тартылган жокпу? Же аны дагы өзү арыз жазган жок деп коёбузбу? Эми ал эл көзүндөгү киши да. Бүт Кыргызстан, өлкө билет. Эми алар [соттогондор] эмне болот?» — деп ачууланды депутат.
Базарбеков укук коргоочулардын, судьялардын жана прокурорлорунун жоопкерчилиги боюнча Жогорку сот «эч нерсе айта албайт» деп жооп берди. Анын айтымында, сот иштерди прокуратура жана укук коргоо органдары териштирип бүткөндөн кийин гана карайт.
«Эми ал боюнча расмий түрдө, мыйзамдын талабы боюнча жоопко эч ким тартылган жок. Биздин азыркы учурдагы мамлекет башчыбыздын өзүнүн укугу, бизге кайрылса, албетте, [ишти] карайбыз. А бирок ал прокурорлор деле өздөрүн жазалагандай эле болушту, жумуштан [өз эрки менен] кетип калышты. Бирок алар жоопко тартылышкан жок», — деди жогорку соттун башчысы.
Жапаровду айыптоо жана актоо
Президент Садыр Жапаров 2012-жылы «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырыктар» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.
Ушул эле беренелер боюнча президенттин жакын досу, азыр УКМКны башкарып жаткан Камчыбек Ташиев да күнөөлүү деп табылган. Аларга карата өкүмдөр «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митингде бийликти күч менен басып алуу аракетине байланыштуу болгон. Акция 2012-жылдын октябрынын башында болуп, Ак үйдү басып алуу аракети менен аяктаган — митингчилер жана саясатчылар имараттын тосмосунан ашып түшүшкөн.
Бишкек шаардык соту 2013-жылы ата-журтчуларды бийликти басып алуу беренеси боюнча актап, конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүү каалоосу үчүн аларга карата кылмыш куугунтугун токтоткон.
Ал эми 2020-жылдын октябрында, Жапаров эркиндикке чыгып, бийликке келгенде, Жогорку сот башынан эле өздөрүн күнөөлүү деп эсептебеген саясатчыларды толук бойдон актаган.
Мындан тышкары, Жапаровго карата 2013-жылы адамды барымтага алуу иши боюнча дагы бир козголгон кылмыш иши бар болчу. Ысык-Көл облусунда «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча митинги учурунда Жапаровдун тарапташтары облустук администрациянын имаратын басып алып, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкан. УКМКнын версиясы боюнча, Жапаров нааразылык акцияны каржылаган жана митингчилерди башкарып турган.
Бул ишке байланыштуу кылмыш иши козголгондон кийин парламенттин экс-депутаты Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. 2017-жылы Жапаров өлкөгө кайтып келгенде дароо кармалган. Сотто Каптагаев Жапаров тарапты жактаган, бирок бул ага жардам берген эмес.
Жапаров 11,5 жылга соттолуп, кийин Жогорку соттун чечими менен абак мөөнөтү 10 жылга кыскартылган. Бирок Жапаров жазасын аягына чейин өтөгөн эмес: Жапаровдун тарапташтары лидерин 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү шаардагы баш аламандык учурунда УКМКнын ТИЗОсунан бошотуп чыгышкан.
Дагы окууңуз: