Депутат Нуржигит Кадырбеков балдардын церебралдык шал (ДЦП) оорусу менен ооруган жана аутизми бар балдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор курууну сунуштады. Эл өкүлү мындай сунушун Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында айтты.
Кадырбеков өлкөдө аутизми бар жана шал оорусу менен ооруган балдардын ден соолугуна кам көрүү абдан кымбат, ал эми мамлекет берген жөлөк пул жарытпайт, ошондуктан реабилитациялык борбор куруу зарыл деп түшүндүрдү.
«Жеке менчик [медициналык] борборлордо дарылоо 39 миң сом турат экен, мен атайын карап көрдүм прайс-листти. А баланын пособиеси 8 миң сом, апасы күндүр-түндүр караганы үчүн 7 миң сом алат, экөө бириккенде 15 миң сом болот экен. 15 миң сом менен жашайбы же баласын дарылайбы?» — деп супроо салды Кадырбеков.
Депутаттын айтымында, өлкөдө жада калса «аутизм жана ДЦПны дарылай турган протокол жок».
«Өткөндө [бийликке] аутизм менен ооруган балдардын апалары кайрылса, Саламаттык сактоо министрлиги ДЦП боюнча маалымат бериптир. Демек, аутизм менен ДЦПны бир эле деп ойлойт. Бул бир эле эмес, экөө эки башка ооруу. [...] Көздү жумуп туруп эле, жакшы, заманбап реабилитациялык борбор куралычы, адегенде Бишкекте, андан кийин Ошто кылсак, ушул азырынча болоттур», — деди депутат.
Мамлекеттен жардам албаган аутист жана ДЦП балдар
Балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) — мээнин өнүгүүсүнүн баштапкы этаптарында (жатында, төрөт учурунда же жашоосунун алгачкы эки жылында) жабыркашы менен байланышкан абалдардын тобун бириктирген термин. Оору ар кандай байкалат — сүйлөөнүн жана психиканын же кыймыл-аракеттин бузулушу болушу мүмкүн.
Аутизм — толук изилденип бүтө элек, биологиялык табияты бар психикалык бузулуу. Аутизм оору эмес, аны дарылай да албайсың. Адам аны менен төрөлүп, өмүр сүрөт.
Бул бузулуу жеке инсандык, социалдык, сүйлөө, ошондой эле өнүгүүнүн башка тармактары менен баарлашуу жөндөмдөрүнүн жетишсиздиги менен мүнөздөлөт.
ДЦП жана аутизм — ооруу эмес, аларды айыктырууга да мүмкүн эмес. Бирок терапия жана реабилитация сыяктуу жардам көрсөтүүчү программалар бар, ал эми аутизмде кээ бир коштоочу абалдан чыгууга жардам берген медициналык каражаттар бар.
Тема боюнча окуңуз: Үч дөңгөлөктүү велосипед менен мектепке барган Бекболдун окуясы
Тоюлан. «Бийик» балдар тууралуу тасма
Бирок Кыргызстанда реабилитациялык борборлорлор маселеси курч. «Клооп» 2021-жылдын августтунда Ош шаарындагы «Аяр бала» балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору жөнүндө иликтөө чыгарган. Журналисттер ар башка бийликтин учурунда борбордун жерлери сатылып отуруп, «Аяр баланын» аймагы кескин кыскарып кеткенин аныкташкан.
Мурда борбордо бир ай убакытка калып, дарыланууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок бүгүнкү күндө, медициналык мекемеде 10 күн гана дарыланса болот. Анткени болгону 70 орунга ылайыкталган борбордо дайыма бош орун жок.
Реабилитациялык борбордун директору Зарифа Акматованын айтымында, бейтаптар үч айлап кезек күткөн учурлар болот. ДЦП менен катар сколиоз жана майыптыгы бар балдардын ата-энелери да кайрылышат. Акматова бул дагы оор дарттардын бири экенин белгилеген.
Тема боюнча: Иликтөө: Майып балдарды реабилитациялоо борборунун жерлерин сатып акча жасаган Ош мэриясы