«Аяр бала» реабилитациялык борборунун имараты. Сүрөт: «Клооп»

Ош шаарындагы «Аяр бала» балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун коридору процедуралардан өтүү үчүн кезек күткөндөргө толгон. Балдардын айрымдары майып арабада отурса, кээси балдак менен басууга аргасыз.

Кабинеттердин биринде дарыгер жаш баланы карап, анын апасы менен сүйлөшүп жатат. Ушул эле бөлмөдө башка бейтаптар да өз кезегин күтүүдө.

Кезек күткөндөрдүн бири — Венера. Ал акыркы беш жылдан бери реабилитациялык борборго каттайт. Анын он жаштагы Сезим аттуу кызы балдардын церебралдык шал оорусунан (ДЦП) жабыркайт.

Венера жана Сезим

«Өмүр бою дарылансак керек, мен билбейм. Кызым он жашка чыкканы менен тура элек, баспайт. “Дарыланууну үзбөй ала берсеңер акырындык менен жылыш болот” деп айтып жатышат дарыгерлер. Токтоткондо артка кетет экен», — деп айтып берди Венера.

Эне эки баласын жалгыз өзү багып келет — балдарынын улуусу 9-классты аяктады. Алар Манас-Ата кичи районундагы (мурдагы ХБК) үй-бүлөлүк жатаканада бир бөлмөнү ижарага алып жашайт. Венеранын айтымында, анын мурдагы жолдошу Москвага кеткен бойдон дайынсыз.

Ал эми Венеранын жанындагы Бахтияр аттуу киши баласы Арзыбекти отургучка тыкан жайгаштырып, чекесиндеги терди арчыды. 11 жаштагы Арзыбек да балдардын церебралдык шал оорусу менен ооруйт. Өз алдынча отура албайт. Ата-бала реабилитациялык борборго Баткендин Чет-Булак айылынан келген. Бахтияр үчүн «Аяр бала» баласын дарылатуучу мекемелердин эң жакыны. Ошентсе да, Баткенден Ошко чейин деле кеминде беш сааттык жолду басып өтүш керек.

Бахтияр жана Арзыбек

«Бишкеке алып барсам ушул жакка жиберишти. Ак-Сууда* ушундай [суу процедуралары] бар, ал жерде суу тоонун астынан чыгат. Бирок бизге алыс болуп калат, ошого бул жакка келдим [...] », — дейт Бахтияр.

*Ак-Суу же Теплоключенка — ДЦП менен жабыркаган балдарды калыбына келтирүүчү санаторий жайгашкан Ысык-Көл облусундагы айыл. Ак-Сууда чыккан ысык суу дарылык касиетке ээ. Майып балдар иммунитетин кубаттоо үчүн суу процедураларын алышат.

Венера жана Бахтияр балдарынын саламаттыгын чыңдоо үчүн борбордо аларды алып жаткан жалгыз эле ата-энелер эмес. Анткени бейтаптардын саны жылдан жылга көбөйүп барат.

Мурда борбордо бир ай убакытка калып, дарыланууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок бүгүнкү күндө, медициналык мекемеде 10 күн гана дарыланса болот. Анткени болгону 70 орунга ылайыкталган борбордо дайыма бош орун жок.

Реабилитациялык борбордун директору Зарифа Акматованын айтымында, бейтаптар үч айлап кезек күткөн учурлар болот. ДЦП менен катар сколиоз жана майыптыгы бар балдардын ата-энелери да кайрылышат. Акматова бул дагы оор дарттардын бири экенин белгилейт.

«Биздин борбор Ош шаарына караштуу, бирок бейтаптар түштүк аймактын үч облусунан — Баткен, Ош жана Жалал-Абаддан кайрылышат. Борборго кайрылган 70 баланын ичинен 60тан кем эмеси ДЦП диагнозу менен келет», — дейт Акматова.

Борборду кеңейтүүнүн ордуна жерлерди сатыш керек беле?

«Аяр бала» реабилитациялык борборунун жалпы аймагы. Сүрөт: «Клооп»

Реабилитациялык борбордун көзгө илешпеген бозомтук имараты 1955-жылы шаардык төрөт үйү катары курулган. 2001-жылы медициналдык мекеме Ош шаардык мэриясынын карамагына өткөрүлүп, майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборуна айланган.

Борбордо орундар жетишсиз, жаңы имараттарды куруу, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарылдыгы айдан ачык. Себеби ага бир гана Ош эмес, республиканын башка булуң-бурчтарынан келген майып балдар жардам сурап кайрылат. Тилекке каршы, Ош мэриясы бул ойду кубаттабайт.

2003-2007-жылдар аралыгында экс-мэрлер Сатыбалды Чырмашев жана Жумадыл Исаков жетектеген шаардык бийлик реабилитациялык борборго караштуу 5 миң чарчы метрге чукул жерди түздөн-түз же аукцион аркылуу сатып жиберген. Мындан улам «Аяр бала» борборунун аймагынын үчтөн бир бөлүгү азайып, тилкелерди сатып алган ишкерлер борбордун айланасында курулуш иштерин баштаган.

Сүрөт: «Клооп»

Реабилитациялык борбор шаардын так ортосунда орун алган. Ошол мезгилде эле жердин баасы «алтынга тете» болуп, өкмөт социалдык инфраструктуранын объектилерин менчиктештирүүгө тыюу салган болчу. Анткен менен, шаардын мурдагы башчылары участкаларды өкмөттүн тыюусуна карабастан сатып жиберген.

Мындан улам жергиликтүү бийлик менен шаардык прокуратура жер тилкелерин мэриянын балансына өткөрүү үчүн жеке менчик ээлери менен жылдап соттошуп келет. Анда сөз башынан болсун.

Борбордун саунасын менчиктештирген Оштун башкы дарыгери

Бул урандылардын ордунда мурда реабилитациялык борбордун саунасы болгон. Зарифа Акматованын айтымында, бул имараттын ичинде суу процедуралары үчүн бассейн да бар эле.

Канатбек Акматов

2003-жылдын ноябрь айында Ош мэриясы саунаны Канатбек Акматовго — ошол кездеги Ош шаардык ооруканасынын башкы дарыгерине — сатып жиберген. Бир жылдан кийин мэрия Акматовго саунанын айланасындагы 707 чарчы метр жерди мыйзамдаштырып, кошумча 36 чарчы метрди 15 жылга пайдаланууга берген.

Кийинчерээк Акматов алган жер 1 491 чарчы метрге чейин кеңейтилип, анын ээлери бир нече жолу алмашкан. Ал эми 2013-жылы тилкени «Комфорт Плюс» курулуш компаниясы сатып алган.

2017-жылы Ош шаардык прокуратурасы мэриянын жер тилкелерди менчикке берүү боюнча токтомдорун жокко чыгарууга жетишкен, бирок участкалар юридикалык жактан азыркыга чейин «Комфорт Плюс» ЖЧКсына караштуу. Тилкенин буга чейинки ээлери жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны жасатууга үлгүрүшкөн, ал эми аны да жокко чыгаруу үчүн кайрадан сотко кайрылуу керек.

Ош мэриясы «Клоопко» маалымдагандай, учурда Муниципалдык менчик башкармалыгы соттук процесске документтерди даярдап жатат. Бирок тилкени кайтарып алууга канча убакыт кетери белгисиз.

Матраимовдордун бизнес-өнөктөшү

Бузулган саунанын жанынагы жер тилкеге курулган алты кабаттуу имараттын курулушу аяктап калды — ал 2004-жылдын июнь айында «ЭкоБанктын» (азыркы «ЭкоИсламикБанк») филиалына сатылган. Жер тилкенин аянты 547 чарчы метрди түзөт.

Акыркы жылдары тилкенин бир нече ээлери алмашып, 2020-жылдын январь айында аны Азамат Арстанбаев сатып алган. Бир айдан кийин ишкер аны «Вавилон Групп» компаниясына биргелешкен курулуш жөнүндө келишимдин негизинде өткөрүп берген.

Арстанбаевдер түштүктө таасири күчтүү Матраимовдордун үй-бүлөсү менен жакшы тааныш. Азамат Арстанбаев өзү Руслан жана Чынара Матраимовдордун мурдагы бизнес-өнөктөшү болгон. Ал эми Азаматтын бир тууганы Алмазбек Арстанбаев бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун «өкүл баласы».

Мындан сырткары, алардын эжеси Гүлшат Арстанбаева 2016-жылдан тарта «Buddha bar» кафесин ижарага алып иштетип келет — ЖМКлар бул тамактануучу жайды Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырып келет.

Ошондой эле Азамат Арстанбаев коңшу тилкени да сатып алган — ал жерде мурда «доктор Камалдин Айдаровдун» медборбору болгон. Учурда офисттик имарат үчүн унаа токтотуучу жай даярдалууда. Бирок «Кадастрдан» алынган маалыматка таянсак, бул тилке реабилитациялык борборго тийиштүү болгон эмес.

Кызыгы, бул жер тилкелер боюнча эч кандай соттук талашып-тартышуулар да болгон эмес.

Арстанбековдон айырмаланып, шаардык төрөт үйдүн мурдагы гинекологу Аширабү Марипова алган жер тилкесин соттошуп келет.

Ал деле участокту имараты менен кошо Оштун мэриясынан 2007-жылы сатып алган. Бирок 2016-жылы Ош облустук соту мэриянын токтомун жокко чыгарган. Учурда жергиликтүү бийлик кайрадан сотко кайрылып, «доктор Марипованын» медборборун мэриянын балансына кайтарууну көздөп жатат.

«Аяр баланын» аянтын анын директору да азайткан

Сүрөт: «Клооп»

2005-жылы жаңы мэр болуп Жумадыл Исаков келгенде «Аяр баланын» аянты дагы азайган. 2006-2007-жылдары Ош мэриясы реабилитациялык борбордун калган жерин сегиз тилкеге бөлүп, аукцион аркылуу жеке жактарга сатып жиберген. Жер тилкелерде эки кабаттуу соода павильондору жана офистер курулат деп планган.

Жерге ээлик кылган айрым жарандар түрдүү имараттарды курууга үлгүргөн. Мисалы, тилкелердин биринде «Эмаком» курулуш компаниясынын эки кабаттуу офиси жайгашкан — компания бул имаратты 2019-жылы сатып алган. Прокуратура бул тилкени мэриянын балансына кайтарууга аракеттенип, бирок белгисиз себептерден сот бул ишти өндүрүштөн кыскарткан.

Сүрөт: «Клооп»

Башка тилкелердин ээлери пайдубал куюуга гана үлгүрүп, калгандары жерлерин кароосуз калтырган.

*«Эмаком» курулуш компаниясы — Сулайман-Тоонун буфердик аймагында уруксат кагаздары жок жети кабаттуу үй салгандан кийин коомчулукта таанылган. Бул курулуштун айынан Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн.

Аукционго «Эмакомдун» жанында жайгашкан «Наристе» азык-түлүк дүкөнү да коюлган. Медициналык борбордун кире беришиндеги дүкөн 1975-жылы салынып, шаардык төрөт үйүнүн бир бөлүгү болуп саналган.

Сайракүл Кыштобаева. Сүрөт: «Турмуш»

Бул дүкөндү ошол кездеги «Аяр бала» реабилитациялык борборунун директору Сайракүл Кыштобаева сатып алып коюуну чечкен. Ал «Наристе» дүкөнүн 2007-жылдын январь айында 160 миң 500 сомго сатып алган.

Кыштобаева дүкөндү ашканага айландырып, ал 2020-жылдын аягына чейин иштеген. Баса, ушул эле имаратта «Сленг-Ош» котормо компаниясы жана тез-татым жайы жайгашкан.

2014-жылдын июль айында Оштун прокуратурасы дүкөн мыйзамсыз сатылганын аныктап, сотко кайрылган. Арадан төрт жыл өткөндөн кийин, 2018-жылы, алгач Ош шаардык соту, кийинчерээк Ош облсотунун жарандык иштери боюнча коллегиясы прокуратуранын доо арызын канааттандырган: мэриянын токтому жана сатып алуу келишими жокко чыгарылган. Ошол эле жылдын ноябрь айында Жогорку сот бул ишке чекит коюп, эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Ал арада ашкананын имараты жана жер тилкесинин баасы 2 млн 614 миң сомго чейин кымбаттаган.

Мэрия «Наристени» өзүнүн балансына кайтарып, 2021-жылдын февраль айында имараттын ичинде «ЖазЭль» үйлөнүү-үлпөт салону ачылган. Шаардык бийлик эмне себептен муниципалдык менчикти жеке жактар иштетип жатат деген суроого жооп бере алган жок. «ЖазЭль» салонун ижарага берилген муниципалдык менчиктердин арасынан да табууга мүмкүн болгон жок.

Кыштобаева реабилитациялык борборду 2009-жылга чейин жетектеген. Аны менен байланышуу аракеттерибизден майнап чыккан жок.

Аткаминерге мыйзамсыз сатылган жер тилке

Алгач «Клооптун» журналисттерин 10 жылдан бери бош турган ушул үч кабаттуу имарат кызыктырган. Мурда бул жерде «Аяр баланын» ашканасы болгон, бирок анын жаңы ээси имаратты бузуп, жаңы курулуш баштаган.

*Биз бул имаратты дрон менен тартканыбыз үчүн Ош ШИИБи «Клооптун» журналисттерин суракка да алган. Буга Руслан Матраимовдун милицияга жазган арызы негиз болгон — Матраимов журналисттер анын үйүн тартып жатат деп айыптаган.

Кубанычбек Ормонов

Муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына ылайык, 942 чарчы метр жер тилкеде жайгашкан ашкана 2007-жылдын март айында аукцион аркылуу Кубанычбек Ормоновго сатылган. Ормонов Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу «Кыргыздортранспроект» институтунун директорунун орун басары.

2014-жылдын ноябрь айында Ош облусунун райондор аралык соту жер тилке мыйзамсыз берилген деп таап, 2015-жылдын 13-февралында жер Ош шаардык мэриясынын балансына кайткан. Арадан төрт жыл өтүп Ормоновго имаратты бузуу талабы коюлган.

Бүгүнкү күндө эки тарап тең бир-бирин сотко берип соттошуп атышат. Оштун мэриясы имаратты бузууну, ал эми Оромонов жер тилкенин акчасын кайтарууну талап кылууда.

Ош мэриясы мыйзамсыз курулган имаратты буздурууга толук укуктуу болгону анык. Бирок бул жерде бир суроо пайда болууда: имаратты да мэриянын балансына өткөрүп алуу оң эмеспи? Себеби Ормоновдун имараты дээрлик бүткөн, болгону эшик-терезе коюп, шыбак тартыш керек.

Бул имараттын муниципалитеттин балансында болушу шаардык бийликке өткөн жылдагы «кара июлда» жардам бермек, анда ооруканаларда COVID-19 менен ооруган бейтаптарга орундар жетишпей жаткан. Пандемиянын күч алышы өкмөттү тез арада жеңил конструкциядан жаңы инфекциялык ооруканаларды курууга аргасыз кылган.

Бийлик калаага 100 орундуу оорукананы 107 млн сомго салды. Оорукана 8 ай кечигүү менен пайдаланууга берилген, ал мезгилде өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну аяктап калган эле.

Салыштырып көрсөк, Сузак районунун бийлиги жергиликтүү тургундар менен биргеликте жарым-жартылай курулуп, бүтпөй калган жатакананын имаратын эки айда инфекциялык ооруканага айланткан. Сузактын жаңы инфекциялык ооруканасы 304 бейтапка ылайыкташтырылып, анын оңдоо-түзөтүү иштерине болгону 15 млн сом сарпталган.

Ал эми коронавируска чалдыккан бейтаптарга орун жетиштүү болгон учурда үч кабаттуу имаратты «Аяр бала» реабилитациялык борбору пайдаланып турса болмок — себеби ал жакта орундар чындыгында жетишсиз.

Жерлер сатылганы менен жоопко эч ким тартылган эмес

Оштун прокуратурасы «Аяр бала» реабилитациялык борборуна караштуу жер тилкелеринин берилип кетүүсүнүн мыйзамдуулугун 2014-жылы Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен текшерүүгө киришкен. Мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин Ош шаарынын мэриясы жерлер мыйзамсыз сатылганын моюндап, соттук отурумдарда прокуратуранын доосун колдогон.

Ал эми прокуратура жер тилкелердин бир бөлүгүн кайтарганына карабастан, иш жүзүндө «Аяр баланын» аймагы 2007-жылы кандай абалда болсо, ошол бойдон калууда. Шаардын мэриясы балдарды калыбына келтирүү борборуна сот аркылуу кайтарылган тилкелерди да кошууга шашпайт.

Мындан сырткары, муниципалитет 2013-жылы реабилитациялык борбордун имаратына да кол салганы мэриянын «Аяр балага» болгон кош көңүл мамилесин көрсөтөт. Анда шаардык бийлик медмекеменин экиничи кабатындагы 7 бөлмөнү ижарага берип салган. Бөлмөлөрдүн ижара акысы айына болгону 11 миң сомду түзгөн.

Орундар жетишпей калганына байланыштуу реабилитациялык борбордун кызматкерлери өзүнүн жумушчу кабинеттерин бошотуп берүүгө аргасыз болушкан. Аталган бөлмөлөр «Аяр балага» 2019-жылы гана сот аркылуу кайтарылган.

Мэриянын аткаминерлери балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна 1-июнь балдарды коргоо эл аралык күнү гана көңүл бурушат. Адатта, ал күнү кызматкерлер борборго келип, салтанаттуу иш-чарада балдарга белектерди тартуулап, материалдык жардам берет.

Реабилитациялык борбордун аймагынын тарып кетишине өбөлгө түзгөн аткаминерлер жоопкерчиликке тартылдыбы? Жок. Ош шаардык прокуратурасы 2014-жылы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Жер мыйзамдарын бузуу» беренелери менен мэриянын жооптуу кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгогон. Бирок кылмыштын мөөнөтү эскиргенине байланыштуу бул иш кыскартылган.

Экс-мэрлер шектүү болуп-болбогону боюнча Башкы прокуратурадан так жооп ала алган жокпуз. Ал эми ЖМКларда Чырмашев жана Исаков менен байланыштуу бир нече макала таптык — биринчиси ӨКМди жетектеп турган кезде 5 млн сомду жок кылууга айыпталган, ал эми экинчиси жерлер боюнча «Коррупцияга» шектелген. Баса, Исаковдун бул кылмышка тиешеси бар экени далилденбегендиктен ал акталган.

Биз экс-мэр Чырмашев менен соцтармактарда байланыша алдык, бирок ал «Клооптун» журналисттери экенибизди билгенден кийин суроолорду жоопсуз калтырды. Ал эми Жумадыл Исаков менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул материал даярдалып жатканда Венера кызы менен бирге жатаканадагы бөлмөсүнө кайтты. Эми ал кызын дарылатуу үчүн дагы үч ай кезекте күтүшү керек.

«Убакыт керек, чыдаш керек экен. Сабыр кылып кызымды алып жүрөбүз. Оштон эч жакка чыга элекмин. Элдерге окшоп Ак-Сууга, Жалал-Абадга алып барайын десем кезек келгенде акча таппай калам, же болбосо акча болсо кезек жетпей калат», — дейт Венера.

Венеранын айтымында, Сезимди калтырганга киши жоктугунан ал иштеп акча таба албайт. Анткени өспүрүм өзгөчө кам көрүүгө муктаж. Учурда эне-бала жөлөк пулга гана жашайт. Ал болсо жатакананын ижарасынан, тамак-аш жана дары-дармектен ашпайт.

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтөндүрүү» долбоорунун алкагында даярдалган.

Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну «Клооп Медиа» КФ жоопкерчилигинде жана «Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фондусу менен «Сорос-Кыргызстан» фондусунун көз карашын чагылдырбайт.​