Сүрөт: Эрнист Нурматов

Оштогу «Боорукердик» карылар жана балдар үйүнүн мурдагы күзөтчүсү жетекчи азык-түлүктөрдү үйүнө ташып, негизсиз түрдө жумуштан чыгарганына даттанууда. Ал эми интернаттын жетекчиси дооматтарды четке кагып, күзөтчүнү  балдарга зомбулук көрсөткөнүнө байланыштуу кетиргенин айтып жатат. Күзөтчүнүн арызы боюнча иш Ош шаардык прокуратура тарабынан каралууда.

Күзөтчү эмне дейт?

Данияр Жопоев. Сүрөт: Ош Пирим

«Клооптун» журналисти менен маек курган Данияр Жопоев «Боорукердик» үй-интернатында күзөтчү болуп 1,5 жыл эмгектенген. Ал эми анын жетекчиси Айгүл Калматова 6 ай мурда дайындалып келген.

Жопоевдин айтымында, жетекчи келгенден соң кызматкерлерге кысым көрсөтүү менен кызматтан алып, алардын ордуна тууганын жана тааныштарын коё баштаган.

«Башында жакшы эле иштедик, кийин эле кысымдар боло баштады. Кадрлар бөлүмүнүн башчысын иштен алып, ордуна бир тууган эжесинин кызын алып келди. Көп жылдардан бери иштеген Гүлшайыр деген тарбиячы эжебиз басымдан улам жумуштан кетти. Кийин биз менен күзөттө иштеген аксакалды ар кайсыл шылтоону айтып жок кылды, ашпозду алмаштырып, өзүнүн адамын койду. Кир жуучуну иштен чыгарып, ашпоздун сиңдисин анын ордуна алып келди», — деди арыздануучу Жопоев.

Аны менен катар ал, карылар жана балдар үйүнүн жетекчиси «мекемеге караштуу азык-түлүктөрдү күйөөсү экөө мыйзамсыз ташып, үйүнө алып кетип турган» деп билдирди.

«Жетекчинин күйөөсү “үйдө ат бар, каткан нандарды алып кетейин” деп келчү эле, бирок эскирген нан эмес, бүтүн-бүтүн жумшак нандардан, жашиктеги алмалардан бери өз колум менен жүктөп берчүмүн. Дарбаза жакта камера бар эле, алар андагы видеолорду тазалап салышыптыр», — деп айтып берди Жопоев.

Ал 2022-жылы 1-декабрда жетекчи аны «балдарды урат деген жалаа менен жумуштан негизсиз түрдө чыгарып салганын» айтты. Кийинчерээк, 27-декабрда Жопоев жетекчиликке карата Ош шаардык прокуратурага арыз жазган.

Мындан сырткары Жопоев учурда жетекчи Айгүл Калматова «журналисттерге маек бергенине байланыштуу 5 карыяны интернаттан чыгаруу менен коркутуп жатканын жана интернатта жашаган балдарга басым көрсөтүү менен аларды күзөтчү сабады деп арыз жазууга мажбурлаганын» айтты.

Жопоевдин билдиришинче, Калматованын күйөөсү аны арыз жаза турчу болсо «унаага нашаа салып, жалаа менен каматып салаарын», түрмөдө тааныштары бар экенин айтып коркуткан.

Аббос Юнусов. Сүрөт: Ош Пирим

Интернаттын экинчи күзөтчүсү Аббос Юнусов мурдагы күзөтчүнүн айткандарын ырастап, жетекчилик 2022-жылы Курман айтта балдар менен карыларга деп алып келинген эттерди өзү алып кетип, ал эми бир койду сатып жибергенин айтты.

«Бул иш боюнча прокуратурага кайрылганбыз, алар текшерип жатат. Айдоочулук милдетимди аткарып, андан [эттен] Гүлбарчын деген мэрияда иштеген куратордун үйүнө да жеткирип бергем, бирок ал эми азырынча моюнуна албай жатат. Ал эми койду сатып алган жаран прокуратурада моюндады», — деп билдирди Юнусов.

Юнусов учурда интернатта иштеп жатканын, бирок «бул иш жабылгандан кийин иштен кетесиң, баары бир далилдей албайсың» деген сөздөр айтылып жатканын айтты.

Буга кошумчалай Юнусов 14-январда интернаттын жашоочулары «жетекчи тарабынан коркутуу болгонун» айткан видеосун жашыруун түрдө тартып алган.

Жетекчилик эмне дейт?

Айгүл Калматова. Сүрөт: Ош Пирим

Ал эми «Боорукердик» карылар жана балдар үйүнүн жетекчиси Айгүл Калматова «Клоопко» берген интервьюсунда күзөтчүнүн айткандарын четке кагып, мекемеде айлык аз болгонуна байланыштуу тааныштарын жумушка алганын айтты.

«Мен буга чейин бирөөнү кетирип эмес, жумуш орундарын түзүп гана кызматкер алып келе жатам. Алар “Кадрлар бөлүмү” деп жатышат, бизде андай штаб жок. “Иш кагаздарын жүргүзүүчү адис” деген бар, анын айлык акысы 7000 сом — адам кызыгып иштей турган кызмат эмес. Буга ким келмек эле? Ошондуктан, өзүмдүн алысыраак сиңдимди алып келдим», — деди Калматова.

Жетекчи интернатка тиешелүү азык-түлүктөрдү үйүнө ташып жүргөнү тууралуу билдирүү чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Ал эми Данияр Жопоевди кызматтан кетиргенинин себебин «интернатта жашаган карыялардын тынчын алганы жана эки балага зомбулук көрсөтүүгө камынганы менен байланыштуу» экенин айтты.

«Жумуштан кеткен күндөн тарта биздин ишмердүүлүгүбүзгө тоскоолдук жаратып, ар жерге барып арызданып жатат. Карыялардын тыныгуу маалында күзөтчүнүн колун кайрып, эшикти талкалап кирип, “Ош ТВ”, “Ош Пирим”, “Т-Медианын” журналисттери менен интервью алып кетишкен. Ага чейин эки карыяга кантип сүйлөшү керек экенин үйрөтүп, антпесе “жетекчи силерди кетирем деп жатат” деп басым жасаган», — деп билдирди Айгүл Калматова.

Калматова мекемеде «айлык 3 миң сомдон 12 миң сомго чейин экенин» белгилеп, күзөтчүнүн арызынан кийин жүрүп жаткан текшерүүлөрдөн жана улам тергөөгө чакыруу келип жатканына байланыштуу иш таштоолор болуп жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, үй-интернаттын ишмердүүлүгү токтобошу керек. Анткени «анда карыялар менен балдарга күндө 4 маал тамак даярдалып, кийимдери жуулуп, татыктуу жашоого шарт түзүлүшү керек». Анын белгилешинче, бүгүнкү күндө интернатта 26 карыя жана 26 бала жашайт.

Прокуратуранын жообу

Аталган окуя боюнча Ош шаардык прокуратурасы 18-январда «Клоопко» текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдап, кийинчерээк толук маалымат берилет деп убадалады.

Ошондой эле буга чейин Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова Turmush басылмасына комментарий берип, «аталган ишке Ош шаардык прокуратурасынын сунуштамасынын негизинде чара көрүлөрүн» билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарындагы карылар үйүнүн жашоочулары жетекчиликтин үстүнөн даттанышты