«2 миң доллардын айынан колго түшүп калды» — Ташиев Базар-Коргондун мэри тууралуу

Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун акими «2 миң доллардын айынан колго түшүп калганын» билдирди. Бул тууралуу Ташиев 21-январда Министрлер кабинетинин мамлекеттик органдардын, облустук администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышкан жыйында айтты.

«Базар-Коргондун акими болгону эки миң доллар үчүн [колго] түшүп калды. Эки миң доллар алыптыр ошол 20 миң доллардын ичинен. Ал жака дагы көрсөтмө берип жатат, бул жака дагы “мен болгону 2 миң доллар алдым деп”», — деди Ташиев.

УКМКнын башчысы «майда акча» алган аткаминерлерди «кармагысы келбегенин» да кошумчалады. Ташиевдин айтымында, майда акча — «10-20 миң [сом]».

«Силердин [акимдердин] жаныңарда 2-3 орун басар бар, ошолорду көзөмөлгө алгыла. Акимдердин орус басарлары майда-чүйдө [акча] алышат экен. 10-20 миң сом үчүн аларды кармагың дагы келбейт. Бирок андай мисалдар көп. Эгерде алардын баарын кармай турган болсок, анда ар бир райондон дагы 4-5 аткаминер кармалат. Ошондуктан абайлаңыздар, урматтуу коллегалар», — деп эскертти Ташиев.

Ташиев мамлекеттик кызматтагы аткаминерлер бай болбошу керек, «кийин балээге туш болгондон көрө» таза жашаган жакшы деп эсептейт.

УКМКнын кызматкерлери 13-январда Базар-Коргон районунун акими Жанысак Сатыбалдиевди «Алдамчылыкка» шектеп кармашкан. Тергөөнүн версиясы боюнча ал жана Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Байгазы Эргешов Базар-Коргондун мурдагы мэри Ильяс Төлөновду 20 миң долларга кайрадан кызматына кайтарууну убада кылышкан.

Бирок, УКМКнын маалыматына ылайык, Сатыбалдиев менен Эргешов уюадасына турбай, акчаны да кайтарып бербей коюшкан.

Айлыкка тең пара

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктардын орто айлыгы, Ташиев айтып жаткан майда паралардан бир аз эле көп. Ал 2022-жылга карата 23 миң сомдон бир аз көбүрөөк.

Ошол эле учурда Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли жыл санап өсүп жатат. 2019-жылы анын деңгээли 20,1%ды түзүп, 2020-жылы 25,3%га чейин өскөн, ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч 33,3%га өсүп, өтө жакырчылыктын деңгээли 6%га жеткен. Аналитиктер жакырчылык шаар жана айыл аймактарында да өсүп жатканын айтышууда.

Мындан тышкары, эл аралык каржы институттары дагы Украинадагы согуштан улам Кыргызстанда жакырчылык өсө берерин болжоп жатышат. Ал эми БУУ Кыргызстанда жакыр үй-бүлөлөр өлкө негизги азык-түлүктөрдү өндүрбөй, аларды импорттогондуктан ачка калуу коркунучунда турганын эскерткен.