Облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмедеги жалпы сүрөт. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы.

Бишкекте 23-январда үч күнгө созулган облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешме аягына чыкты. Ал минкабдын башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы менен Бишкектеги Ала-Арча резиденциясында өттү.

Кеңешмеге ар башка даражадагы мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлер, анын ичинде, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана акимдер катышты. Бирок, кеңешмедеги расмий сүрөттөрдө бир дагы аял жок.

Саясат жана мамлекеттик кызматтардагы гендердик теңсиздик

Кыргыз саясатында жана мамлекеттик кызматтарда гендердик теңсиздик маселеси көптөгөн жылдардан бери актуалдуу болуп келет. Аялдарга саясатка аралашуу жана жетекчилик кызматтарда калуу кыйыныраак.

«Клооп» 2021-жылы өз изилдөөсүндө Кыргызстанда чиновник аялдар үчүн «айнек шып*» делген нерсе бар экенин аныктаган: кызмат канчалык жогору болсо, андагы аялдардын саны ошончолук аз.

*«Айнек шып» — аялдардын адискөй сапаттарына байланышы жок, алардын карьералык тепкичтен жогорулашын чектеп турган көзгө көрүнбөгөн тоскоолдук.

Эгерде кенже чиндердин деңгээлинде аялдар менен эркектер теңдештиги сакталып турса — 53% эркекке 47% аял каршы, жогорку кызматтарда аялдардын үлүшү 11%га чейин кыскарат.Мисалга, Министрлер кабинетинин курамында болгону эки аял бар, ал эми президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн бардыгы — эркектер.

Депутаттарды шайлоо жөнүндө жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен аялдарга парламентке кирүү ого бетер татталдаган. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо аралаш система менен өткөн жана 90 депутаттын 18и гана (20%ы) — аялдар.

Тема боюнча окуңуз: «Аялдарга эмне жок?» «Клооптун» өкмөттөгү теңсиздик жөнүндө изилдөөсү

Министрлик мектептерге мугалим агайларды көбүрөөк тарткысы келет. Бул эмне үчүн туура эмес?