Министрлик мектептерге мугалим агайларды көбүрөөк тарткысы келет. Бул эмне үчүн туура эмес?

Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов 12-январда ведомство мектептерге мугалим агайларды көбүрөөк тартууну пландап жатканын билдирди.

«Мектептерде иштеген мугалим агайларга көңүл буралы деп жатабыз, мүмкүн болушунча эркек мугалимдерди көбүрөөк тартканга аракет кылабыз. Бул үчүн 23-февралга карата “Мектептер агайларга муктаж” деген долбоорду баштайлы деп турабыз. Азыр аталышынын үстүнөн ойлонуп жатабыз, мындан дагы уккулуктуу болушу үчүн», — деди Мамбетакунов.

Эмне үчүн бул билдирүү туура эмес?

Биринчиден, мектептер адискөй кадрларга муктаж, ал эми адискөйлүктүн деңгээли адамдын жынысынан көз каранды эмес. Аялдар да, эркектер да жаман же жакшы мугалим боло алат. Эркектер акылдуу, сабырдуу жана жакшырак келет деген ой жүгүртүү сексизм категориясына кирет.

Айрыкча министр эркек мугалим агайларга алар эркек болгону үчүн эле «өзгөчө көңүл бургусу» келип жатканы анык эле сексизмдин башкы белгиси.

Экинчиден, маянанын аздыгы менен жүктөмдүн көптүгү мектептерде дээрлик жалаң аялдардын гана калуусуна алып келди. Негизи эле, кирешени аз берген жана престиждүү эмес адистиктерди аялдар ээлейт, себеби жогорку кызматтарда эркектерди гана көрүүнү каалашат. Мындай теңсиздиктин себептеринин бири — бул «айнек шып» делген нерсе — аялдардын адискөй сапаттарына байланышы жок, алардын карьералык тепкичтен жогорулашын чектеп турган көзгө көрүнбөгөн тоскоолдук.

Билим берүү тармагында анын көрүнүшү мындай: аялдарга караганда эркектердин саны өтө эле аз, бирок эркектер көп учурда жакшы төлөнгөн жогорку кызматтарды аркалашат. Баса, бул жерде да эркектер аялдарга караганда 20%га жогору айлык алышат.

Ошол эле учурда, аялдар иши менен бирге үй жумуштарын да кошо ала кетет. Кыргызстанда иштеген иши бар аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда үч эсе көп убакыт кетиришет. Ал эми эркектер бул жумуштарды өздөрүнө алышпайт жана ал убактысын карьералык тепчки менен жылууга корото алышат. Феминист Бегайым Замирбектин айтымында, министрдин айткандары сексисттик билдирүү, ал аялдардын ондогон жылдар бою жарытпаган айлыкка жасаган эбегейсиз эмгектеринин баасын кетирүү болуп саналат.

«Эгер адистиктин баркын арттыргын келсе — эжейлерге жана айгайларга жынысына карабастан айлыкты көп төлө бер», — деди «Клоопко» Замирбек.

Аны менен бирге Замирбек эркектер кайсы бир жумушту, айрыкча мугалимдик милдетти, аялдарга караганда жакшы аткарганын далилдеген бир да изилдөө жоктугун кошумчалады. Бирок, аялдар үстөмдүк кылган тармактарда аялдар эркектерди «кесиптик тепкичтен» көбүрөөк көтөрүшөт дейт Замирбек.

Демеке, министр Мамбетакунов өз билдирүүсү менен ансыз да жарытпаган айлык алып, ченемден ашык иштеген мугалим эжейлерди ого бетер кемсинтип жатат.