Мирзиёев 26-январда Бишкекке келбейт. Азырынча анын Кыргызстанга келе турган күнү белгисиз

17-январда маалымат каражаттарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-январда Кыргызстанга келери тууралуу маалымат пайда болгон.

«Акипресс» басылмасынын сайтында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын билдирүүсү чыккан. Материалда Мирзиёев Кыргызстанга 26-январда учуп келип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Ишкерлер кеңешинин жыйынына катышышы керектиги айтылган.

Ошол эле учурда палатанын расмий сайтында жарыяланган релиздин түп нускасында Өзбекстандын башчысынын Кыргызстанга сапары тууралуу бир да сөз айтылган эмес. Соода-өнөр жай палатасы 26-январда өлкөдө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Ишкерлер кеңешинин жыйыны гана өтөрүн, анда бизнес ассоциациялардын башчылары өзбек кесиптештери менен талкуулоо үчүн документтерди көрсөтүшөрүн билдиришти.

Ал эми президенттин администрациясы «Клоопко» Мирзиёев Кыргызстанга качан келери азырынча белгисиз экенин айтышты. Ал жактан Соода-өнөр жай палатасынын «чет мамлекеттердин президенттеринин сапары тууралуу маалымат бергенге укугу жоктугун», ошондой эле палата Ишкерлик кеңеш тууралуу гана маалымат бергенин кошумчалашты.Өзбек президентинин Кыргызстанга сапары дайыма эле жылдырылып келет. Ал 2022-жылдын октябрынын ортосунда эле келери күтүлгөн болчу.

Анда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Мирзиёев өлкөгө мамлекеттик сапары менен келиши керектигин билдирген. Бирок чиновник баары эки өлкө башчысынын иш граифине жараша болот деп, Мирзиёев так кайсыл күнү келерин айткан эмес.

Ниязалиев коңшу мамлекеттин башчысынын сапары тууралуу билдирүүсүн Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө байланыштуу чуу чыга баштаган шартта жасаган. Бирок Мирзиеёвдин сапарынын бул «кызуу талкууларга» байланышы жоктугун белгилеген.

Октябрдын аягында Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары жылганы маалым болгон. Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары декабрь айында да күтүлгөн, анда ал ЕАЭБдин Бишкекте өткөн саммитке катышышы керек болчу. Бирок саммитке бир күн калганда Мирзиёев бул иш-чарага келбеси белгилүү болгон.

Анда кыргыз президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев коңшу өлкөнүн мамлекет башчысынын мамлекеттик сапарын жылдыруу телефон аркылуу сүйлөшүүдө макулдашылганын билдирген.

Ал учурда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча документтерге кол коюлуп калган эле.