Мирзиёев ЕАЭБдин саммитине келбейт, бирок декабрь ичи мамлекеттик сапары менен келип кетет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-10-декабрда Бишкекте өтө турган ЕАЭБдин саммитине келбейт. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге ТИМ, ошондой эле президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

Мирзиеёв Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен декабрдын аягына чейин келип кетери айтылат. Алгач өзбек лидери Кыргызстанга 9-декабрда келери пландалган.

Султанбаев мамлекеттик сапардын мөөнөтүн жылдырууну Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери телефондук сүйлөшүүдө макулдашышканын белгиледи.

ТИМден Өзбекстан ЕАЭБде байкоочу макамына ээ экенин жана Бишкекке өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов келерин эске салышты.

Шавкат Мирзиеёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюу, анын ичинде мамлекеттик чек арадан өтүү тартибин жеңилдетүү жана кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу пландалып жаткан.

Ноябрдын аягында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычын башкаруу келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарга кол коюшкан. Бул документтер Кыргызстанда ызы-чуу менен кабыл алынган, ал эми парламент депутаттары чек ара боюнча келишимди жана Кемпир-Абад боюнча макулдашууну жактыруу үчүн бир нече мүнөттүн ичинде дароо үч окууда добуш беришкен.

УКМКнын жана чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Өзбекстан менен макулдашуу күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын аймагы 199 миң чарчы метрден 210 миңден ашык чарчы метрге чейин көбөйөт.