Өзгөндө суукта жука көйнөкчөн бийлеген окуучу кыздар: Министрлик жооп берди

Соцтүйүндөрдө Өзгөндөгү мектептин ачылыш аземинен тартылган видео тарады, анда окуучу кыздар суукта жука көйнөкчөн бийлеп жатканын көрүүгө болот. Билим берүү министрлиги аларды эч ким мажбурлаган эмес деп билдиргенге шашылды.

Министрликтин маалыматына ылайык, 23-январда Өзгөн районунда 220 окуучуга ылайыкталган мектептин ачылышы болгон.Ведомстводон иш-чарага райондук, облустук жана коомдук уюмдардын жетекчилери менен өкүлдөрү жана ата-эңелер катышканын кошумчалашты.

«[Мектептин] ачылыш аземи райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолгон, ага окуучу кыздар тартылган эмес. Иш-чара бүткөндөн кийин коноктор имаратты көрүү үчүн ичине киргенде окуучулар өздөрү музыка койдуруп бийлешиптир. Бул программага кирген эмес», — деп айтылат Билим берүү министрлигинин билдирүүсүндө.

Мекемеден иш-чараны өткөрүүдө толук кандуу көзөмөл болбогону үчүн мектептин директоруна эскертүү берилгенин билдиришти.