Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана жубайы Зироатхон Хошимова Бишкекке мамлекеттик сапар менен келишти. «Манас» эл аралык аэропортунда аларды президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алышты.

Президенттик администрация эртең, 27-январда өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында, «тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат» деп билдирди.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча чуулгандуу макулдашууга эки өлкөнүн башчылары кол коюп, биротоло чекит коюлушу да мүмкүн.

Дагы окууңуз:

«Коррупция, бизнес». Өзбек оппозиционери Кемпир-Абад келишиминин артында эмне турганы жөнүндө

«Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форумунда 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду