«Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форумунда 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду

«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форуму. Сүрөт: Министрлер кабинети

26-январда Бишкекте өткөн «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунда 168 миллион АКШ долларды түзгөн 11 документке кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бизнес-форум эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Форумдун жыйынтыгында кол коюлган документтер:

  • эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтеринин ортосунда Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча «Жол картасы»;
  • Өзбекстандын Art Soft Holding ишканасы менен бирге Жалал-Абадга 30 млн долларлык текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча макулдашуу;
  • Өзбекстандын Baxodir Log‘on Tekstil ишканасы менен бирге Нарынга 8 млн долларлык терини кайра иштетүү, булгаары өндүрүүчү ишкана куруу жана картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;
  • Өзбекстандын Baxodir Log‘on Tekstil ишканасы менен бирге Оштун Чоң-Алай районуна картошка өндүрүү боюнча кластер жана мал чарба комплексин түзүү боюнча макулдашуу;
  • Кыргызстандын «Бай Дыйкан» жана Өзбекстандын «Узкимёимпекс» ишканасынын ортосунда суммасы 20 млн долларлык инвестициялык курулуш долбоорунун алкагында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплекс куруу боюнча меморандум;
  • Кыргызстандын «Бай Дыйкан» жана Өзбекстандын Golden Corn ишканасынын ортосунда суммасы 100 млн долларлык Өзбекстанга жүгөрү данын жеткирүү келишими;
  • Кыргызстандын «ТНК Дастан» жана Өзбекстандын «Тошэлектроаппарат» ишканасынын ортосунда өлкөдө электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултуу боюнча кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын «Элет Байтерек» жана Өзбекстандын «Узпромстройматериалы» ассоциациясынын ортосунда базальт ташын кайра иштетүүчү завод куруу боюнча меморандум;
  • Кыргы-Өзбек өнүктүрүү фонду жана Өзбекстандын «Узавтосаноат» акционердик коомунун ортосунда өлкөдө компаниянын продукциясын сатуу боюнча меморандум;
  • Кыргы-Өзбек өнүктүрүү фонду жана Өзбекстандын UzXCMG ишканасынын ортосунда өлкөдө компаниянын продукциясын сатуу боюнча меморандум;
  • «Кыргыз Эко Экспорт» ишканасы жана Өзбекстандын Жайыттарды өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда суммасы 10 млн долларлык Өзбекстанга айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү боюнча келишим.

Форумда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын 11 айдында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 543,2 млн АКШ долларды түзгөнүн белгиледи — бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 21%га көп. Ал эки өлкө товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга чейин жеткирүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

Ошондой эле Жапаров өзбек компанияларына өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ал «бул бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор» деп эсептейт.

Жапаров Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууга киришкенин кошумчалады. Январдын башында үч өлкөнүн энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Тема боюнча:

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасына кол койду