Бишкек: Өзбекстандын президенти Мирзиёев келгенинен улам мектептер эки күндүк онлайн окууга өттү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен келгендиктен борбор калаадагы мектептер онлайн окууга өттү. Бул тууралуу «Клоопко» 26-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда экинчи сменде окуган окуучулар онлайн окуйт. Ал эми 27-январда биринчи жана экинчи сменде окуган окуучулар онлайн-форматта окушат.

Аны менен катар мекемеден, Бишкектеги Ош базары дагы жабылганын кабарлашты.

Ошондой эле милициянын кайгуул кызматынан «Клоопко» 26-27-январь күндөрү төмөнкү жолдор жабык болорун айтышты:

  • Фучик көчөсү Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси, Фучик көчөсүнөн Манас проспектине чейин;
  • Манас, Ч.Айтматов проспекти, Чүй проспектинен мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;

Мэрия жана милициянын кайгуул кызматы чечим Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында кабыл алынганын белгилешти.

Тема боюнча:

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев акыры Кыргызстанга келмей болду