«Кооптуу экенбиз». Жээнбеков Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын абактагы шарты тууралуу

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков ТИЗО-1ден кат жазды. Катта ал Кемпир-Абад ишинин фигуранттары «өзгөчө кооптуу кылмышкер» катары камакта кармалып жатканын билдирди. Саясатчынын каты анын Фейсбук барагында жарыяланды.

«Биз саясий туткундар террористтердин ордун “тартып алып” террористтерден да катаал абалда болуп калдык. Эгер буга чейин ТИЗОдо “абийирдүүлөр”, “кызылдар” жана “коомчулдар” болсо, эми “саясийлер” да кошулду», — деп жазды ал.

Жээнбековдун айтымында, ТИЗО-1де Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга эреже жана көзөмөл катуу болуп жатат.

«Биз Садыр Жапаровдун оппоненттери болгондуктан террористтерден да жаманбыз да. Бизди ишенимдүү жана текшерүүдөн өткөндөр гана кайтарып жатат, металл издөөчү аппаратттары менен. Бизди өзгөчө тинтишет, керек болсо ага УКМКнын жарандык кийимчен кызматкерлери катышат. Биздин коридорго үндү кошо жаздырган видеокөзөмөл камерасы дагы коюлган. Ал тургай ТИЗО-1дин кызматкерлеринин өздөрүн да текшеришет. Биз ушунчалык кооптуу экенбиз», — деп жазды Жээнбеков.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин сындоо үчүн камакка алуулар

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагылууда.

Алардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.