Кемпир-Абад иши боюнча камактагыларды колдоо митингине чыккан 30дай киши кармалды

Бишкекте 10-январда милиция Кемпир-Абад иши боюнча камактагы активист жана саясатчыларды колдоо митингине чыккан 30дай кишини кармап кетти. Акцияга көбүнесе алардын туугандары жана тааныштары чыгышкан болчу.

Митингчилер жөө жүрүшүн ИИМдин алдынан башташмак. Бирок милиция акция башталганга чейин эле ИИМдин алдында митинг кылууга болбостугун билдиришкен. Алар буга үч себепти келтиришкен: Горький атындагы гүлбактан башка бардык жерде митинг өткөрүүгө тыюу салынган, ИИМдин имараты — стратегиялык объект, имараттын алдында аскерлердин саптык текшерүүсү өтмөк.

Акциянын катышуучулары макул болуп, плакаттарын алып Горький паркына бет алышкан. Плакаттарга камактагылардын сүрөттөрү жана аларды бошотуу талаптары түшүрүлгөн. Ал эми милиционерлер плакаттарды алууну талап кылышкан.

Митингчилер Жогорку соттун имаратына жеткенде милиция алардын баарын кармоону чечип, митинг башталганга чейин эле ИИМдин алдына алып келинген автозактарга салып, Биринчи май РИИБне салып кеткен.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы сындарга байланыштуу кармоолор

2022-жылдын октябрынын аяк ченинде Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган 20дан ашык активит, саясатчы жана укук коргоочу кармалган. Алардын баары массалык башаламандык уюштуруу даярдыгына айыпталган. Андан бери тергөө амалдары жүргүзүлбөй келет.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга басым болуп жатканын, кылмыш иши алардын Кемпир-Абад маселеси боюнча позициясынан улам козголгонун билдиришкен. Камак алууга нааразылык билдирип 17 адам ачкачылык жарыялаган.

Алар ачкачылыктын кесепети үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөшкөн. Кийинчерээк кармалгандардын үчөө: журналист Айданбек Акматов, саясатчы Азимбек Бекназаров жана активист Чынгыз Капаров ачкачылыкты токтотушкан.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Андан тышкары, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды коргоп аткан адвокаттар менен юристтер иштин фигуранттарын кармоодо одоно мыйзам бузууларга жол берилгенин бир нече жолу белгилешкен.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп айткан. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.