Сүрөт: Коллаж

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жылуу суу бериле баштагандан тарта жарылган түтүктөрдөн улам суу каптап, тургундардын үйлөрүн жараксыз абалга келтирүүдө. Буга байланыштуу шаардын мэри Нурланбек Умаров 31-январда «Клоопко» бийлик жабыр тарткан тургундардын чыгымдарын төлөп берээрин айтты.

Эмне болгон?

Быйыл 19-январь күнү саат 17:00 чамасында Майлуу-Суу шаарында жылуулук системасындагы авариядан соң ысык суу кайрадан бериле баштаганда жергиликтүү тургун Минажатхан Топчубекованын үйүн суу каптап, «бир бөлмөсү толугу менен жарактан чыкканын» «Клоопко» айтып берди.

«Үстүңкү кабаттагы үйдүн жылытуу түтүгү жарылып, үйүмдүн бир бөлмөсүн суу каптады. Балдардын төшөнчүлөрүнөн бери суу болуп, анан ылдыйкы кабатка өтүптүр. Азыр дубалым кургабай, сасык жыттанып, бөлмө жараксыз болуп турат. Үйдө кичинекей беш неберем менен жашайм», — деп билдирди шаар тургуну.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келтирилген чыгымды бир канча жолу эсептеп, төлөп берүүнү убада кылышкан.

Топчубекова учурда үйүндө таза суу жок болуп, тиешелүү кызматтар он күндөн бери суу алып келбей кыйналып жатканын айтууда.

«Ар жерден ташып жатам. Тиешелүү кызматтарга чалсак жооп бербей жатышат. Кошуналарымдын баары ар жакка чала берип чарчашты. Азыр үйүбүздү суу басканы деле эсибизден чыгып кетти, бизге суу керек болуп жатат», — деди ал.

Ал эми шаар тургуну Асел Ыманбекованын үйүн 23-январда суу каптап, жашоого мүмкүн болбой калган. Ал «жергиликтүү бийлик оңдоп-түзөө иштерин өз чөнтөгүнөн төлөгөн тургундарга кийинчерээк чыгымдар кайтарылып берилет деп убадалашканын» билдирди.

«Суу түтүктөрү күнүгө ар жерде жарылып, тургундарга залакасы тийип жатат. Сантехниктер жетишсиз болуп, чакырууларга келбей жатышат. Мамлекет тараптан акт түзүлүп, “чыгымдарды төлөп беребиз” дешти, бирок ишенимсиз болуп жатат. Төлөп беришсе жакшы болот эле», — деп билдирди Ыманбекова.

29-январда Майлуу-Суу шаарында жарылган түтүктөрдөн улам үйлөрүн суу каптаган тургундар Kaktus.Media басылмасына кайрылып, жергиликтүү бийликтин колдоо көрсөтпөгөнүн айтып нааразычылык билдиришкен.

Тургундар жергиликтүү бийлик жылуулук системасындагы авариядан улам келип чыккан зыянды «өз чөнтөгүнөн калыбына келтирүү керек экенин айтып, колдоо көрсөтүүдөн баш тартууда» деп айтышкан.

Шаар бийлиги эмне дейт?

Нурланбек Умаров

Аталган маселе боюнча Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурланбек Умаров «Клоопко» комментарий берип, шаар тургундарынын чыгымдары төлөнөөрүн убадалады.

«Өзүңөр жасап алгыла деген бекер сөз. Оппозициянын элди дүрбөлөң кылам деген аракеттери. Бүгүнкү күндө биз ар бир үйгө барып, “эгерде ким өзү жасай берсе квитанцияңарды алып келесиңер” деп чыгымдарды эсептеп, өкмөткө жөнөттүк. Кудай кааласа, элдин чыгымдарын төлөп беребиз деген максаттабыз», — деп билдирди шаар башчысы.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Клоопко» авариялык абалдагы жылуулук берүүчү түтүктөрдү ширетүү боюнча бүгүнкү күндө жалпысынан 14 топ иш алып барып жатканын айтышты.

«Негизги иштер шаардын жергиликтүү бийлигине жүктөлгөн, ал эми шаардыктарды суу менен камсыздоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин милдети», — деп билдиришти ведомстводон.

Маалыматка ылайык, шаарга жалпысынан 91% жылуулук берилсе, ал эми таза суу менен камсыз болгон тургундар 51%ды түзөт.

Аны менен катар мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 810 үй-бүлөгө 20 миң килограмм ун, 450 литр өсүмдүк майы, 8 миң килограмм кумшекер таратылды.

Майлуу-Суу шаарына ичүүчү суу жана жылуулук берүүнү токтотуунун кесепеттеринен келип чыккан чыгымдын жалпы суммасы 43 млн 821 миң 843 сом 11 тыйынды түзгөн.

Майлуу-Суудагы авария

Быйыл 13-январда Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаары ызгаарда жылуулуксуз жана суусуз калган, мындан улам өзгөчө абал режими киргизилген.

Анда ӨКМ 12-январда катуу сууктан улам таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, анын кесепетинен таза суу сактоочу жайдын түтүктөрү тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөп кеткенин билдирген. Шаарда жалпысынан 1800 үй таза суусуз жана жылуулуксуз калган.

Ведомство 14-январда суу тосмо булактын суусу менен толтурулуп, №1 жылытуу мешине коё берилгенин билдирген. Жыйынтыгында, тургундарга жылуулук бериле баштаган. Бул аварияга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

15-январда шаар тургундары пайда болгон кырдаалга байланыштуу митингге чыгып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Анда тургундар жергиликтүү бийлик кырдаалга байланыштуу «жалган маалымат» таратып жатканына наарызычылык билдиришкен.

Кийинчерээк ӨКМ кызматкерлери тоңуп калган суу түтүктөрүн эритүү үчүн дөңгөлөктөрдү жагышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

ӨКМ: Майлуу-Сууда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Видео: Майлуу-Сууда ӨКМ кызматкерлери тоңуп калган суу түтүгүн эритүү үчүн дөңгөлөк өрттөп жатышат