ӨКМ: Майлуу-Сууда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Катуу сууктун кесепетинен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 13-январда билдирди.

«Таза суу сактоочу жайдын түтүктөрү тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Мындан улам, шаардын № 1, 3, 4 отканаларында жылуулук берүү системасына суу толук келбей, жылуулук берилбей калган», — деп белгилешти министрликтен.

ӨКМдин басма сөз кызматы шаарда Жарандык коргонуу комиссиясы жыйын өткөрүп, кырдалды жөнгө салуу иштерин жүрүзүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин, 11-январда айрым басылмалар катуу сууктан улам Балыкчы шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын жазган. Бирок мэриядан шаарга болгону күчөтүлгөн даярдык режими киргизилгенин билдиришкен.

Бир нече күн мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө катуу суук болорун эскерткен. Кыргыз гидрометтин маалыматын ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен кар, жамгыр жаап, айрым аймакта абанын температурасы -38 грудуска дейре төмөндөшү күтүлүүдө.

Мындан улам энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын жана Ысык-Көл облусундагы энергетиктерге күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырган.

Ошондой эле катуу суукка байланыштуу окуучулардын кышкы каникулу 11-январдан 16-январга чейин узартылган.

Тема боюнча:

«Күчөтүлгөн даярдык». Балыкчы мэриясы шаарга өзгөчө кырдаал киргизилди деген маалыматты төгүндөдү