Видео: Майлуу-Сууда ӨКМ кызматкерлери тоңуп калган суу түтүгүн эритүү үчүн дөңгөлөк өрттөп жатышат

Майлуу-Сууда ӨКМ кызматкерлери тоңуп калган суу түтүктөрүн эритүү үчүн дөнгөлөктөрдү жагып жатышат. Бул тууралуу министрликтин басма-сөз кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, ӨКМ дөңгөлөктөрдү жагуу менен 15 километр суу түтүгүн эритип жатат.

Мындан тышкары, мекеменин куткаруучулары президенттин тапшырмасы менен жергиликтүү тургундарга 20 тоннадан ашык ун, 8 тонна сахар жана 4 тонна өсүмдүк майы берилгенин билдиришти. Буга чейин Майлуу-Сууда аз камсыз болгон 810 үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылганы белгилүү болгон.

Майлуу-Суудагы авария

13-январда Майлуу-Суу шаары ызгаарда жылуулуксуз жана суусуз калган, мындан улам өзгөчө абал киргизилген.

Анда ӨКМ 12-январда катуу сууктан улам таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, анын кесепетинен таза суу сактоочу жайдын түтүктөрү тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөп кеткенин билдирген. Шаарда жалпысынан 1800 үй таза суусуз жана жылуулуксуз калган.

Ведомство 14-январда суу тосмо булактын суусу менен толтурулуп, №1 жылытуу мешине коё берилгенин билдирген. Жыйынтыгында, тургундарга жылуулук бериле баштаган. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аварияга байланыштуу кылмыш иши козголгон.