Бишкектин Свердлов районундагы кафелер той-топурларды тейлебөөгө макул болду

Бишкек мэриясы 2-февралда Свердлов жана Ленин райондук акимчилигинин кызматкерлери бир катар ири кафелердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүшкөнүн билдирди. Жолугушууда Свердлов районунда жайгашкан бир катар кафелер «шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды» тейлебөөгө макулдугун беришкени айтылат.

Мэриянын маалыматына ылайык, Сведлов райондук акимчилиги менен «Жибек-Жолу», «Фаризат», «Мансур» кафелеринин, «Гранат» чайканасынын, «Ават» банкет залынын жана башка ири кафелердин өкүлдөрүнүн ортосунда «Түшүнүү келишимине» кол коюлган.

«Келишимде ысырапкорчулук жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, курман болгондордун жаркын элесине арналган эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтпөө талаптары камтылган. Ошондой эле каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды иретке келтирүүнү, кыргыз коомунун руханий-адептик маданиятынын негиздерин калыптандырууну жана турукташтырууну, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууну көрсөтөт», —деп айтылат мэриянын маалыматында.

Кафе өкүлдөрүнүн жергиликтүү бийлик менен жолугушуусу. Сүрөт: мэриянын басма сөз кызматы.

Муниципалитеттен Ленин районунун ишкерлери аким менен жолугушууда мечиттердин имамдарын да чакырууну сунуштаганын билдирди. Анда алар диний жөрөлгөлөрдү, орозо маалындагы ооз ачууларды жана башка кечелерди өткөрүү боюнча тийиштүү сунуштамаларды берүүсүн айтышкан.

Мэриядан жолугушуу президенттин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыгынын негизинде өткөнүн кошумчалашты.

Бул жарлыкка Садыр Жапаров өткөн жылдын февралында кол коюп, анда куран окутуу тойго айланып баратканын, ал эми «колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет жана жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешерин» белгилеген.

Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап Ак үйдөгү аткаминерлерге чейин тапшырарын айткан. Ошондой эле алар эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүшү керек болчу.

Президент 2022-жылдын июнунда өзүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге «президенттин жарлыгынын аткарылышын жетиштүү көзөмөлдөбөгөнү» үчүн сөгүш жарыялаган.

Башкы бетте иллюстративдик сүрөт.