Садыр Жапаров маркумду жерге берүүдө мал союуга тыюу салган жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров 24-февралда «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эми маркумду жерге берүүдө мал союга тыюу салат.

«Жарлыктын максаты кыргызстандыктардын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо», — деп билдирлишти президенттин басма сөз кызматынан.

Садыр Жапаров.

Жапаров ким болбосун бардыгына эреже бирдей экенин белгилеп, кыргызстандыктарды буйрукка баш ийүүгө чакырды.

«Кыргызстандыктардын баарына: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүк чыккан жерде мал союуга тыюу салынат. Илгертеден бери жалпыбызга белгилүү болуп келгендей, өлүк чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет», — деп белгиледи ал.

Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштар Ак үйдөгү аткаминерлерге чейин тапшырарын айтты.

«Мектеп директорлорунан баштап, участкалык милиция, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, президенттин өкүлүнө чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышыңарды талап кылам жана ар бириңер жооп берериңерди эскертем», — деди Жапаров.

Маалыматка ылайык, жарлыкта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына диний ырым-жырымдарды, маркумду жерге берүү жана эскерүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө максатында тиешелүү фатваларды чыгаруу сунушталды.

Аны менен катар президент депутаттарга, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга той-аштарда акча каржатын сарптабай, ысырап кылбай башкаларга үлгү болууну сунуштады.

Той жана тажияларда адамдардын санын чектеген мыйзам долбоору

Өткөн жылы 21-июлда Парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим жана маданият боюнча комитети биринчи окууда депутат Улугбек Ормоновдун мыйзам долбоорун жактырган. Мыйзам долбоору ар кандай той-топур, үйлөнүү-үлпөт жана үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө салат. Ормонов мыйзам долбоорун май айында эле коомдук талкууга чыгарган болчу.

Анда төмөнкүдөй чектөөлөр сунушталган:

  • үй-бүлөлүк салтанаттарды, ырым-жырымдарды жана иш-чараларды 100дөн ашпаган адамды чакыруу жана 100дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүү;
  • үлпөт той салтанаттарын 200гө чейинки адамга банкет уюштуруу менен бир күндө өткөрүү;
  • жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никелешүү салтанатын 3 төн ашык эмес жеӊил автомашинасын колдонуу менен өткөрүү;
  • «Жаназага» (көмөөрдө дуба окуу) тургандардын саны чектелбейт, бирок бодо мал жана жылкы союлбайт;
  • маркумду акыркы сапарга узатууга катышкандардын саны 100 дөн ашпайт жана бодо мал, жылкы союлбайт.

Бул иш-чаралардан сырткары, мыйзамда зыяратчыларды ажылык сапарга узатуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү да сунушталган. Депутаттар зыяратчыларды узатуу жана тосуп алууну үй-бүлөнүн тегерегинде өткөрүү керектигин белгилешкен.

Бирок аталган мыйзам долбоору парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаттары тарабынан кабыл алынган эмес.

Тема боюнча:

Парламент комитети той жана тажияларда адамдардын санын чектеген мыйзам долбоорун жактырды

«Тойэкономика». Кошумча жакырчылыка алып келеби?