«Президенттин жарлыгын жетиштүү көзөмөлдөгөн эмес». Абсаттар Сыргабаев сөгүш алды

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөргөң «Баатыр энелерди сыйлоо» майрамдык иш-чарасында.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 27-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыргабаев «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү» президенттин жарлыгынын аткарылышын жетиштүү көзөмөлдөгөн эмес деп маалымдалды.

Сөгүш жарыяланганы администрацияда өткөн жыйында айтылган. Ага Президенттин жана мининистрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Айбек Жунушалиев катышкан.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аталган жарлык боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырган.

«Ар бирибиз үй-бүлөлүк майрамдарда жана маркумду эскерүү иш-чараларында негизсиз ысырапкорчулуктун зыяндуулугун жана акылга сыйбастыгын түшүнүшүбүз керек, мунун айынан айрымдар карызга батып, карыздан көп жылдар бою кутулууга туура келүүдө», — деген ал.

10-мартта Сыргабаев мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине жыйын өткөргөн. Анда ал президенттин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашырууну тапшырган.

Облус башчысы маркумду жерге берүүдө дагы деле мал сойгон учурлар катталып атканын белгилеп, жарлык аткарылбаса жетекчилер кызматтан бошотулушу мүмкүн экенин эскерткен.

Анткен менен облус башчысы өзү эки жолу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев миңдей адамга чай бергенде катышкан. Биринчисинде — Ташиев 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарында «Баатыр энелерди сыйлоо» майрамдык иш-чарасын өткөргөн.

Экинчи жолу — 29-апрелде УКМКнын төрагасы аталган шаарда миңден ашык адамга президент Садыр Жапаровдун атынан ооз ачар уюштурган. Анда да мааракеге Сыргабаев барган.

Сыргабаев такталбаган маалыматтар боюнча Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экени айтылат. Мындан сырткары ал 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен барган.

Той-аштарда чыгымдарды азайтуу

Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында президент Садыр Жапаров «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, маркумдун үйүндө мал союуга тыюу салынган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жарлыктын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырылган.

Президент жарлыкка кол койгон соң жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч органдары той-аштарда ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн рейддерди жүргүзө баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абаддын башчысы маркумдарды жерге берүү боюнча жарлыкты аткарууну талап кылды

Садыр Жапаров маркумду жерге берүүдө мал союуга тыюу салган жарлыкка кол койду

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 1000ден ашык адамга президенттин атынан ооз ачар уюштурду