CPJ: Кыргыз бийлиги «Клоопко» басымын жана көз карандасыз прессага каршы репрессияларын токтотушу керек

Журналисттерди коргоо эл аралык комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигине кайрылып, көз карандысыз басылмага каршы репрессияларды токтотууну суранды. Уюм Маданият министрлигинин Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) жана президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун аты келтирилген «Клооптун» макаласын өчүрүү талабына ушинтип комментарий берди.

CPJ «кыргыз бийлигинин “Клоопту” цензурага алуу аракети анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамынын абсурддуулугун жана өкүмзордугун дагы бир жолу көрсөтүп турат» деп эсептейт.

«Бийлик “Клооптун” веб-сайтын жабам деген коркутуусунан кайтып, жалган маалымат жөнүндө мыйзамын жокко чыгарып, көз карандысыз прессага каршы күчөп жаткан репрессияларын токтотушу керек», — деди CPJ программасынын Европа жана Борбор Азиядагы координатору Гүлноза Саид.

1-февралда «Клооп» Кыргызстандын маданият министрлиги жана Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынан «АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты» деп аталган макаланы өчүрүү талабы менен эки кат алган. Маморгандар жазган катында материалда «анык эмес (жалган) маалымат» камтылганын белгилешкен.

Эгерде kloop.kg маданият министрлигинин чечимин аткарбаса, министрлик kloop.kg сайтынын ишин эки айга чейинки убакытка токтотуу тууралуу чечим кабыл алат. Маданият министрлигине «Клооптун» үстүнөн АРИС (Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги) — макаланын башкы фигуранты арызданган.

Ага чейин АРИСтин өкүлдөрү журналисттерден макаланын заголовогун туура эмес деп эсептегендиктен алмаштырууну талап кылышкан. АРИСтин билдирүүсүндө мындай билдирүүнү ким айтып чыкканы тууралуу айтылган эмес, ошондо «Клооптун» журналисттери курулуш кымбат бааланганына эл алдында даттанган жалгыз мамкызматкер Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков болгонун аныкташкан.

«Клооп» министрликтин катына жооп кылып, материалды өчүрбөрүн билдирген.

Дагы окууңуз: Кыргызстандын бийлиги «Клооптогу» макаланы өчүрүүнү талап кылууда. «Клооп», албетте аны өчүрбөйт