АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты

Макала эки жолу жаңыртылып, аталышы өзгөртүлгөн. Алгачкы аталышы мындай болгон: АРИС: Орунбековдун Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматы анык эмес.

1-февралда АРИСтин өкүлдөрү «Клооптун» журналисти менен кандайча байланышканы тууралуу маалымат кошулду.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Баткендеги социалдык объектилердин курулушу кымбат бааланган делген маалыматка комментарий берди. Буга чейин мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков айткан болчу. АРИС аталган маалыматы туура эмес деп атады.

«Азыркы учурда тендердик процесс гана жүрүп жатат (сунуштарды баалоо) – бул келишимдерге кол коюла элек, курулуш иштери баштала элек жана тийиштүү түрдө каржылоо жүргүзүлгөн эмес дегенди билдирет», — деп белгилешти агенттиктен.

АРИСтен 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин алар Аймактык экономикалык өнүктүрүү (ПРЭР-2) долбоорунун «Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү (CERC)» 4-компонентин активдештирүүнү өтүнүп Дүйнөлүк банкка кайрылышканын билдиришти. 2022-жылдын ноябрь айында АРИСтин өтүнүчү Дүйнөлүк банкта колдоо тапкан.

Ага чейин минкаб, октябрь айында, Баткен облусундагы чек ара аймактарында жаңжалда жабыркаган соцобъектилердин тизмесин бекиткен. Андан соң ПРЭР-2 долбоорунун Байкоочу кеңеши чыр-чатак учурунда жабыр тарткан социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө 10 млн. АКШ долларын кайра бөлүштүрүүнү жактырган.

19-январда президенттин администрацисынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков АРИС Баткендеги социалдык объектилерди куруунун баасын 123 млн сомго кымбат көрсөткөн деп билдирген. Орунбеков бийлик АРИСтин долбоорунан баш тартып, Баткенде соцобъекттерди өз каражатына курууну чечкенин кошумчалаган.

Орунбековдун билдирүүсү парламентте талкууну жараткан. Парламенттин 25-январдагы жыйынында депутат Алишер Козуев АРИСтин жетекчилерин парламентке чакырып, алардын иши тууралуу маалымат алууну сунуштаган. Ошондой эле депутат укук коргоо органдары АРИСтин ишин текшериши керек дагы билдирген.

АРИСтин өкүлдөрү «Клоопко» эмнеге телефон чалышты?

Материал жарык көргөн күнү АРИСтин өкүлдөрү «Клооптун» журналистине байланышка чыккан. Алар макаланын темасы туура эмес деп эсептешкен.

Ошол эле күнү АРИСтен редакциянын почтасына төмөнкү кат келген:

«Биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир жалпыга маалымдоо каражаты өзүнүн пикири болгонго укуктуу экенин түшүнөбүз.

Бирок, ошол эле учурда, кыргыз жана орус тилинде жарыяланган макалалардын баш темасында маалымат туура эмес чечмеленгенине көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Макалада төмөндөгүдөй жазылган:

«АРИС: Заявление Орунбекова о завышении агентством стоимости строительства соцобъектов в Баткене недостоверно» (орусча)

«АРИС: Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты» (кыргызча)

Биз жарыяланган макалада АРИС тарабынан жөнөтүлгөн маалымат бурмаланганына көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Ошондой эле АРИСтин релиз-тактоосунда бир дагы кызмат адамынын ысымы аталган эмес, атап айтканда, Д. Т. Орунбековдун аты-жөнү жок.

Ушуга байланыштуу Сиздерден эки тилдеги материалды бардык платформалардан (расмий веб-сайт, социалдык түйүндөр) өчүрүүнү же так эле АРИСтин сайтында жарыялангандай жайгаштырууну сурайбыз».

Редакциядагы талкуулардан соң материалдын темасы өзгөртүлгөн — «АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты».

Бирок уюмдан алардын пресс-релизинде турган баштемага: «АРИС Баткен облусундагы курулуш объектилердин бааларынын кымбатташы тууралуу маалымат берди» деп алмаштырууну өтүнүшкөн.

Редакция болгон окуяны толугураак, туурараак чагылдырган жаңыланган баштеманы калтырууну туура көргөн.