Кыргызстандын бийлиги «Клооптогу» макаланы өчүрүүнү талап кылууда. «Клооп», албетте аны өчүрбөйт

Кыргызстандын маданият министрлиги жана Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы «Клооптун» редакциясына «АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты» деп аталган макаланы өчүрүү талабы менен эки кат жөнөттү. Кызыгы, маданият министрлигинин чечиминде дата дагы, чыгыш номери да көрсөтүлгөн эмес. Дата жана чыгыш номери Санарип министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын катында гана жазылган.

Маморгандар жазган катында материалда «анык эмес (жалган) маалымат» камтылганын белгилешет.

Аягына министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кол койгон каттардын биринде, маданият министрлиги минтип жазат:

«Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги kloop.kg сайтындагы анык эмес маалыматты өчүрүү тууралуу ЧЕЧИМ кабыл алды. Сайттын ээси төмөнкү шилтемедеги маалыматты https://kloop.kg/blog/2023/01/25/aris-zayavlenie-orunbekova-o-zavyshenii-agentstvom-stoimosti-stroitelstva-sotsobektov-v-batkene-nedostoverno/ бул ЧЕЧИМ колуна тийген күндөн тартып токтоосуз өчүрүүгө тийиш».

Сайттын ээси тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө kloop.kg сайтындагы анык эмес маалыматты өчүрүү тууралуу ЧЕЧИМ аткарылбаган болсо, министрлик kloop.kg сайтынын ишин эки айга чейинки убакытка токтотуу тууралуу чечим кабыл алат.

Маданият министрлигине «Клооптун» үстүнөн АРИС (Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги) — макаланын башкы фигуранты арызданган.

Бул шилтеме аркылуу мамлекеттик органдар жөнөткөн каттар менен таанышууга болот.

Бийлик «Клоопту» бөгөттөйбүз деп коркуткандай ал макалада эмне жазылган?

Макаланын мазмуну заголовоктон эле түшүнүктүү — текстте АРИС Баткен облусундагы соцобъектердин курулушу кымбат бааланганын четке кагат.

АРИСтин билдирүүсүндө мындай билдирүүнү ким айтып чыкканы тууралуу айтылган эмес, ошондо «Клооптун» журналисттери курулуш кымбат бааланганына эл алдында даттанган жалгыз мамкызматкер Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков болгонун аныкташкан.

Ошондуктан «Клооптун» макаласында Орунбековдун билдирүүсүнө да орун берилген болчу, мына ушул АРИСтин кызматкерлерине жакпай калган. Эмне себептен АРИС өзүнүн билдирүүсүн Орунбековдун айткандары менен салыштырып, сүрүштүргөнгө каршы болуп жатканы бизге белгисиз. Бирок биз журналисттер өзүнүн изилдөөлөрүнүн негизинде окуянын ыраатын жана өз ара байланышын чечмелей алат деп ишенимдүү айта алабыз.

АРИС башында «Клоопко» түз кайрылган, журналисттер түшүнүү менен мамиле кылып, заголовокко өзгөртүү киргизген. Бирок тексттеги Орунбековдун атын өчүргөн эмес.

Биринчи заголовок мындай болчу

Азыркы заголовок

АРИС дагы бир жолу кайрылып, биз тараптан жок деген жооп алгандан кийин биздин үстүбүздөн маданият министрлигине арызданган.

Бийликке биздин жообубуз

Биз материалды өчүрбөйбүз. «Клооптогу» кайсы бир маалыматты өчүрүү тууралуу чечимди бир гана «Клооптун» редакциясы кабыл алат. Маданият министрлиги эмес.

Биз ката же анык эмес маалыматты жарыялаган учурда деле макаланы өчүрбөйбүз, анткени бул биздин окурмандарга карата адилетсиздик болуп калат — болгону макаланын башына кечирим сурап жазып, окурмандарга кайсы жерде ката кеткенин эскертип өтөбүз.

(Мисалы мындай.)

Бирок АРИС жана Орунбеков тууралуу макалада анык эмес маалымат жок, демек макаланын башына жаза турган да эч нерсе жок.

Негизи эле, биз Кыргызстандын бийлиги акыркы жылдары кабыл алып, цензура үчүн колдонулуп жаткан мыйзамдарды мыйзамсыз жана адилетсиз деп эсептейбиз жана аларга баш ийүүдөн караманча баш тартабыз. Анткени мындай тажрыйба сөз эркиндигинин жана адам укуктарынын стандарттарына каршы келет.

«Клоопту» бөгөттөй берсеңер болот, а биз силердин ар бир аракетиңер боюнча сотко кайрылууга даярбыз. Ал эми башка ондогон маалымат каналдары аркылуу окурмандарга иштин чоо-жайын кабарлап турабыз. Ошондой эле 2021-жылдан бери бийлик кабыл алган бардык адилетсиз мыйзамдарды жокко чыгарууга аракет кылабыз.