Ысык-Көл: Келинди баласы менен кошо уурдоого шектелип мурдагы күйөөсү жана кайын атасы кармалды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 19 жаштагы келинди бир жашар наристеси менен кошо уурдоого шектелип анан мурдагы күйөөсү жана кайын атасы кармалды. Бул тууралуу 7-февралда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-февралда Каракол шаарынын тургуну милицияга кайрылып, анын сиңдисин баласы менен кошо күч колдонуп унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетип калышканын айткан.

Аталган маалымат милицияга катталып, аймакка «Колго түшүрүү» операциясы киргизилген. Тоӊ РИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлору маалыматта көрсөтүлгөн автоунааны «Аалам Ордо» участкасынан токтотушуп, айдоочуну жана жүргүнчүлөрүн Каракол ШИИБдин тергөө кызматына автоунаа менен бирге өткөрүп беришкен.

Келин алдын ала суралганда анын мурдагы күйөөсү — 27 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну жана автоунаанын айдоочусу — 55 жаштагы кайнатасы баласы менен аны өздөрүнүн үйүнө алып кетүүгө аракет кылганын айткан.

Учурда аталган факт боюнча ШИИБ иликтөө жүргүзүп жатат.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

2021-жылдын октябрында жарыяланган WPS (Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индекс) рейтингине ылайык, Кыргызстан — Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Кыргызстанда эркектер аялдарды уурдашат, зордукташат, өлтүрүшөт жана көп учурда жазасыз калышат. Аялдардын басымдуу бөлүгү эркектердин колунан ажал табат. Кыргызстанда аялдарды көбүнесе күйөөлөрү жана жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөт, ал эми фемицид* үй-бүлөлүк зомбулуктун түз кесепети болуп саналат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

Эгерде сиз же сиздин жакыныңыз зордук-зомбулукка кабылган болсо, өлкөнүн төмөнкү даректердеги кризистик борборлоруна кайрылыңыз:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи