Пенсиялык реформа. Мыйзам долбоору профилдик комитеттин кароосуна кайтарылды

Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында депутаттар буга чейин «Клооп» кеңири талдап чыккан чыккан пенсиялык реформа тууралуу мыйзамды экинчи окууда карап, документти экинчи окуу режиминде кайрадан профилдик комитеттин кароосуна жөнөттү.

Депутаттар мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген пенсионерлердин пенсия курагын жогорулатуу жана аларга пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөнү токтотуу тууралуу пункттарга көңүл бурууга чакырышты.

Баарынан да, мамлекеттик кызматта иштеген пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүнөн (3100сом) ажыратуу жөнүндөгү түзөтүү депутаттардын нааразылыгын жаратты.

«Бүгүнкү күнү 55 миң пенсионер мамлекеттик жана ар кандай муниципалдык кызматтарда иштеп, пенсия да, айлык да алышат. Бул [мыйзам долбоору сунуштаган түзөтүүлөр] мугалимдерге, дарыгерлерге, аскер кызматкерлерине тиешеси жок. Бул болгону мамлекеттик сектордо иштегендерге гана тиешелүү болот», — деп айтты Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева.

Талкуунун жүрүшүндө «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова мыйзам «Конституцияга каршы келерин» жана өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыктарын коргобой турганын айтты.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров талкууланып жаткан документ өлкөнүн Конституциясына каршы келерин айтып, «мыйзам долбоорунун идеологиясын» кайра карап чыгууну сунуштады. Мадумаров Конституциянын 44-беренесинде «пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат» деп жазылганын белгилеп, мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштады.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров демилгелеп жаткан чуулгандуу мыйзам долбоору 2022-жылдын 14-декабрында парламенте биринчи окууда жактырылган болчу.

Пенсиялык реформа 11 пункттан турат. Мисалы, чиновниктер пенсиянын базалык бөлүгүн бардыгы үчүн бирдей жана эмгек стажынан көз каранды эмес кылууну сунушташкан. Документке ылайык, пенсиянын базалык бөлүгү 3 170 сомду түзөт, ал эми колдонуудагы мыйзамда ал 702 сомдон 3 170 сомго чейин өзгөрүп атат.

Чиновниктер пенсия курагы өйдөлөбөйт деп көп эле жолу айтышкан, бирок андай эмес. Мисалы, мыйзам долбоорунда «бюджетти үнөмдөө максатында» 2023-жылдан 2038-жылга чейин бардык жарандарга минималдуу камсыздандыруу стажын этап этап менен көтөрүү сунушталган. Ага ылайык, эмгек стажы 20 жылдан аз болгондор ошол аз сумманы да албай калат деген кеп.

Кимдин стажы жетпесе, пенсиялык эсебине жетпей жаткан суммадагы акчаны кошуп, же пенсия жашына жеткенден кийин да иштөөнү уланта берсе болот.

Андан тышкары, өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик кызматта иштеген аялдар үчүн пенсия жашы 58ден 60ка чейин көтөрүлөт. Депутат Дастан Бекешев бул пунктту «адилетсиз» деп, ал эми анын кесиптеши Сүйүнбек Өмүрзаков мындай үнөмдөө «пенсионерлердин укуктарын бузат» деп айткан болчу.

Биринчи окуудан кийин долбоорго кандай түзөтүүлөр кирди?

Экинчи окууда мыйзам долбооруна депутат Дастан Бекешев сунуштаган түзөтүү киргизилди — чиновник аялдардын пенсия курагы 60 жашка чейин жогорулайт деген түзөтүү алып салынды (2024-жылдан тартып). Бүгүнкү күндө бардык аялдар үчүн пенсия жашы 58 жашты түзөт.

Ошондой эле, мыйзам долбооруна Бекешевдин дагы бир түзөтүүсү кирди — ага ылайык, кызматтык кылмыштарга жана жыныстык кол тийбестикке байланышкан кылмыштарга айыпталып соттолгон жарандарга пенсия төлөөгө тыюу салынат.

Мындан сырткары, документке депутат Элвира Сурабалдиеванын пенсионердин сөөк коюга жөлөкпулун эсептелген көрсөткүчтөр боюнча 200дөн 300гө чейин көбөйтүү жөнүндө өзгөртүү сунушун кошкон (азыр бул 30 миң сомду түзөт).

Кыргызстандык пенсионерлер аталган мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин эмнелерге ээ болуп, эмнелерди жоготорун бул материалдан кенен окусаңыз болот.