Президенттин администрациясы: ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамдан блогерлерге тиешелүү нормалар алынды

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзам долбоорунан блогерлерге тиешелүү нормалар алынып салынды. Бул тууралуу «Клоопко» президенттин администрациясынан маалымдашты.

24.kg басылмасы мыйзам долбоору ЖМКга жарыяланган материалдарды эске алуу менен иштелип чыкканын жазды. Жумушчу топтун жетекчиси Мурат Укушев мыйзам долбоору берилген сунуштарды эске алуу менен иштелип чыгарын билдирди.

Блогерлерди ЖМКга теңөө

2023-жылдын январында президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун толукталып иштелип чыккан версиясы менен тааныштырган. Анда популярдуу блогерлер каттоодон өтүүгө милдеттүү экени, ошондой эле аларга ЖМКнын милдеттери жүктөлөрү айтылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып нааразы болушкан.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору

Президенттик администрация 2022-жылдын сентябрында «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган.

Эгер документ кабыл алынса, өлкөдө иштеп жаткан ЖМКнын кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) эки ай гана убактысы болот. 2023-жылдын 1-апрелине чейин кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлат.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде президенттин администрациясы ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам «моралдык жактан эскиргени», ал эми жаңысы — «боштуктарды» жоюп, «ЖМКны санарип телекоммуникациялык тармактарда, анын ичинде “Интернет” түйүндөрүндө жөнгө сала баштоону» максат кылат дейт.

Колдонуудагы мыйзам 30 жыл мурда кабыл алынганы чын. Бирок, Медиа Полиси Институтунун эксперттеринин пикиринде, жаңы мыйзам долбоорунун пайда болушу азыркысынын эскиргендигине байланыштуу эмес. Эксперттер президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.

«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген. Юристтеридин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Андан тышкары, «Клооп» долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине, ал тургай, катаал дагы экенине ынанган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ооз жапмай. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам цензурага алып барат