Бир цитата менен: Депутат Айжигитов Орусиянын мыйзамдарын көчүрүү плагиат эмес деп эсептейт

Депутат Султанбай Айжигитов парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Орусиянын мыйзамдарын Кыргызстанда колдонуу үчүн көчүрүү плагиат эмес деп билдирди.


«Бул плагиат, орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алыптыр деп айткан депутаттарга айткым келет, биринчиден, бирөөнүн эмгегин уурдап, анан аны [булакты] белгилебей койгонду плагиат деп айтат. Бирок эгер маалымкат-негиздемесинде Орусия мыйзамдарынан алынды деп жазылса, анда бул плагиат эмес. Экинчиден, мыйзам менен эч ким чектелген эмес, аны негиз кылып алганга эч кимден чектөө жок. Бүгүн биз ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан баарыбыз бирдей мыйзамга карай багыт алышыбыз керек. Эгер Орусия Федерациясынын мыйзамдарын алып жаткан болсок, демек ал ЕАЭБдеги алдыңкы мамлекет. Ошондуктан бул жерде окшоштук бар жана буга эч ким каршылык көрсөтпөйт», — дейт эл өкүлү.


Бул оюн эл өкүлү «Кыргызстандын стратегиялык пландоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору менен тааныштырып жатып айтты. Айжигитов сунуштап жаткан мыйзамынын долбоору «Орусия Федерациясынын стратегиялык пландоосу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде жазылганын моюндады.

Айжигитов документ эмне үчүн тек гана Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынганын дагы түшүндүрдү: «эмне үчүн Орусияны алдык, себеби бизде экономикалык тарыхыбыз окшош, менталитет бир, экономикалык структура бир жана рынок структурасы бир, Оруссия чоң мамлекет болгону менен бирдей эле».

Айжигитовдун мыйзам долбоору 25-августта коомдук талкууга чыгарылган. 2022-жылдын сентябрында документтин автору мыйзам долбоору Кыргызстанда стратегиялык пландоонун укуктук негиздерин түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык стратегиялык башкарууну жана бюджеттик саясатты координациялоо максатында иштелип чыкканын айткан.

Айжигитов — Орусиянын мыйзам долбоорлорун көчүрүп жаткан биринчи эле кыргыз депутаты эмес. Буга учурда дагы деле талкууланып жаткан ЖМК жөнүндөгү — мыйзамдын орус тилиндеги текстинин 83 пайызы Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүп алынган. Мурдагы депутат Гүлшат Асылбаева 2020-жылдын майында алып чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору дагы буга бир мисал боло алат.