Депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова демилгелеген «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттин үчүнчү окуусунан өткөн жок.
Ага депутаттардын 59у «макул», 38и «каршы» деп добуш берди — мыйзам долбоору өтүшү үчүн ал 61 добуш алышы керек эле.
Депутат Бактыбек Райымкулов добуш берүүдөн соң «айрым депутаттар адашып добуш берип алды деп, кайрадан добуш берүүгө коюуну» талап кылды. Бирок буга депутат Дастан Бекешев, Наталья Никитенко каршы чыгып, добуш берүү регламентке ылайык жүргөнүн айтышкан. Андан соң парламент башка маселени кароого өткөн.
Өткөн жылы болсо аталган мыйзам долбооруна экс-президент Сооронбай Жээнбеков кол коюудан баш тартып парламентке толуктоо киргизүү үчүн кайтарып берген. Анткени ага чейин масштабдуу акция өтүп, анын катышуучулары мыйзам долбоору «сөз эркиндигин чектейт» деп кооптонушкан.
Аталган мыйзам долбоору алгач «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» деп аталган. Коомчулукта нааразычылык күчөгөндөн соң анын авторлору мыйзамга оңдоп-түзөөлөрдү киргизишмек болгон. Бирок иш жүзүндө анын аталышы гана өзгөргөн.
«Гүлшат Садыр авамды жарга түртпө!»
Бүгүн Ак үйдүн алдында аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы митинг өткөн. Ага жарандык активисттерден жана жөнөкөй жарандардан турган 30дай киши катышты.
Митингге келген активист Рита Карасартова бул мыйзам долбоору менен «фейктер жана жалган маалыматтар менен күрөшүүгө мүмкүн эмес экенин» айткан.
«Булар азыр фейктер менен күрөшөбүз деп жатышат. Дүйнө жүзү боюнча эч жерде фейктер менен мынтип аларды тутуп, канча бир убакыт “бул жалганбы чынбы, фейкпи фейк эмеспи” деп аныктабайт. Болгону агартуу системасын жогорулатып, маалыматты окуп жаткан адам анын чын-төгүнүн өзү аныктап, түшүнө ала тургандай кылуу керек», — деди ал.
Активисттерден сырткары митингге тарыхчы, изилдөөчү Элери Битикчи да келген. Битикчи «өкмөттө ресурстар жок болгондуктан бул мыйзам кабыл алынса да баары бир иштебейт» деген пикирин айткан.
«Баарын көзөмөлдөгөнгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Бул мындай бийликке бирөө каршы чыкса ошону фейк, манипуляция деп эле кылмыш козгоп оозду жаптырыш үчүн бул мыйзам сүрмөлөнүп жатат», — деди ал.
Ошондой эле тарыхчы «бул мыйзамды кабыл алууда эки угууда тең регламент бузулганын жана мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынган» деп белгиледи.
Акциянын катышуучулары «Биз сабизсиз жана пловсуз жашай алабыз, бирок, сөз эркиндигине тийбегиле!», «Гүлшат Садыр авамды жарга түртпө!», «Мен сиздин сөзүңүз менен макул эмесмин, бирок ушул сүйлөө эркиндигиңиз үчүн жанымды берүүгө даярмын» деп жазылган плакаттар менен чыгышты.
Мыйзам долбоору тууралуу
«Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок көбүнчө Асылбаевага тиешелүү деп элге сиңип калган, себеби ал мыйзам долбоорун коргоп, сын айткан колдонуучуларды «фейктер жана троллдор» деп атаган.
Осмонова менен Асылбаева өз мыйзамы менен интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, андан тышкары, провайдерлерди колдонуучулар тууралуу маалыматты сактоого милдеттендирүүнү сунушташкан.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу орган жалган деп эсептеген маалыматка чектөө коё алат деп көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстандын учурдагы мыйзамына ылайык, мындай чечимди бир гана сот чыгара алат.
Ошол эле учурда аталган мыйзам долбоору Орусияда кабыл алынган ушундай эле мыйзам менен 64%га дал келет. Ал эми айрым беренелер эч өзгөртүүсүз көчүрүлгөн.
Бул мыйзам долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.
Андан соң өлкөдө бийлик алмашып, саясий кризис башталып кеткенде мыйзам долбоору унутта калган, бирок жакында эле, 31-майда депутаттар мыйзам долбоорун кайра талкуулоону чечишип, ал тургай мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун дагы түзүшкөн.
ТЕМА БОЮНЧА: