Ысык-Көлдөгү пансионаттарга тиешелүү тазалоочу жайлар текшерилип, айрымдарына айып салынды

Ысык-Көлдөгү пансионат, санаторийлерге тиешелүү 51 саркынды суу тазалоочу жай текшерилди. Айрымдарында эреже бузуу аныкталып, 340 миң сомдон ашык айып салынып, доо коюлду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 1021 эс алуу жайы каттого алынган — анын 184ү эс алуу жайы, 837си чакан конок үйлөр. Мамлекеттик курулуш агенттиги 108 саркынды суу тазалоочу жайдын 51ин экологиялык экспертизадан өткөрдү.

Ага ылайык, төмөнкү эс алуу жайларында эреже бузуулар аныкталды:

  • «Золотые пески» пансионатына 17 миң сом айып салынып, экологияга зыян келтиргени үчүн 65 миң сомдук иш козголду.
  • «Дилором» пансионатына экологияга зыян келтиргени үчүн 17 миң сом айып салынды.
  • «КазГУ» санаторийине 17 миң сом айып салынып, экологияга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 5 592 сомдук иш козголду.
  • «Эрзинец» балдар аянтчасына 17 миң сом, экологияга келтирген зыян үчүн 28 795 сом айып салынды.
  • «Илим» балдардын эс алуу аймагына 17 миң сом айып салынды.
  • «Илимдер академиясы» эс алуу борборуна 13 миң сом айып салынды.
  • «Университет» эс алуу аймагына 17 миң сом айып салынды.
  • «Асыл-Таш» тазалоочу жайын ижарага алган «Взморье сити» ишканасынын тазалоочу жайларына 110 миң сом доо коюлуп, 17 миң сом айып салынды.

Экология министрлигинен эс алуу жайларына эскертүүлөр берилип жатканын кошумчалашты.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар менен эс алуу жайларында курулуш нормалары бузулган учурлар буга чейин бир нече жолу катталган. Андай эреже бузуулар адам өлүмүнө себеп болгон учурлар да жок эмес.

Автору: Каным Кыдырова

ТЕМА БОЮНЧА:

Мамкурулуш Ысык-Көлдөгү пансионаттар менен эс алуу жайларын текшере баштады