Ысык-Көлдө 18 жаштагы бала аквапаркта каза тапты, аны суу соруучу насостун түтүкчөсү соруп кеткен

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

27-июлда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатынын аквапаркында 18 жаштагы бала каза тапты. Аны суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүкчөсү соруп кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, бала сууга кирип кеткен бойдон чыккан эмес. Анын байкеси жана эс алуучулар кабатырланып аны издешкен, бирок түтүкчө аны соруп кеткендиктен баланы куткара алышкан эмес. Ал эми ӨКМдин кызматкерлери кеч келишкен.

Анын сөөгүн алып чыгуу үчүн экскаватор тартылып кумдар казылып, түтүкчө кесилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кырсык болгон жерге төрт куткаруучу, 30 милиционер жана 10 жергиликтүү тургун тартылганын билдиришти.

Ысык-Көл ОИИБден «Клоопко» учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдиришти. Бирок азырынча аталган факт кайсы берене менен катталаары белгисиз.

«Экспертизанын корутундусунун негизинде кайсы берене менен иш жүргүзүлө турганы аныкталат. Иш КЖБРге катталган. Күнөөлүү тарапты табыш үчүн соттук-медициналык экспертизага таяныш керек», — деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБден.

Мындан сырткары милициянын басма сөз кызматынан «Алтын кум» пансионатынын жетекчилигинин жоопкерчилиги да каралып, алардын аракеттерине юридикалык баа бериле турганын кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмнеге Ысык-Көлдөгү кымбат эмес пансионаттарда сизди эч ким куткарбайт?