Ысык-Көлгө саркынды сууларды агызган пансионаттардын бирине кылмыш иши козголду

Ысык-Көл райондук прокуратурасы канализациядагы саркынды сууларды Ысык-Көлгө агызган пансионаттардын бирине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, прокуратура пансионаттын саркынды суулары Ысык-Көлгө агызылып жатат деп айтылган соцтүйүндөгү маалыматты текшерген.

«Пансионаттын тазалоочу курулуштары экологиялык, санитардык нормалардын жана эрежелердин талаптарын бузуу менен иштетилип жаткандыгы аныкталды. “Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.