Акылбек Жапаров курулуш тармагын реформалоо боюнча программанын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды

17-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн курулуш тармагын реформалоо боюнча программанын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай агенттиги эки жуманын ичинде сейсмологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен долбоорду иштеп чыгышы керек.

Буга чейин Жапаров техникалык талаптарды бузуу менен салынган жана жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган үйлөр бузуларын айткан.

Сейсмологиялык туруштук боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясынын президенти Улугбек Бегалиевдин айтымында, Кыргызстанда 40 жылдан бери имараттардын сейсмологиялык туруштугу сыналбай келет.

Ошондой эле ал өлкөдө сейсмикалык туруштукту сыноочу үч титиретүүчү машина бар экенин билдирген.

6-февралда Түркия жана Сирияда күчү 7 баллдан ашкан эки катуу жер титирөө катталган. Зилзаланын борбору Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймактагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Акыркы маалыматтарга ылайык, курмандыктардын саны жалпы 45 миң кишиге жетип, жабыркагандардын саны 100 миңден ашкан. Көптөгөн имараттар толугу менен талкаланган.

Аталган кырсыктан улам президент Садыр Жапаров борбор калаа Бишкектеги башаламан курулуштар боюнча пикирин билдирген. Ал «башаламан курулуштар мындан ары болбойт экенин, курулуштун сапаты мамлекеттин көзөмөлүндө болорун» айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров: Башаламан курулуштар болбойт, жаңы үйлөрдүн сапаты мамкөзөмөлгө алынды

Жапаров талаптарды бузуу менен салынган жана коркунуч туудурган үйлөр бузуларын билдирди