Жапаров: Башаламан курулуштар болбойт, жаңы үйлөрдүн сапаты мамкөзөмөлгө алынды

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде өлкөдө курулуп жаткан көп кабатуу үйлөрдүн сапаты тууралуу пикирин айтты. Өлкө башчысы бул боюнча билдирүүсүн Түркия жана Сириядагы көптөгөн кыйроолорго алып келген жер титирөөдөн кийин жасады.

Жапаров Кыргызстанда салынган көп кабаттуу үйлөр боюнча «Кудай өзүң сакта» деп жашагандан башка арга жок дейт.

«Союз чачырагандан берки акыркы 32 жылда бир топ көп кабаттуу үйлөр салынды. Союз маалында көзөмөл жакшы болчу. Андан бери көзөмөл начарлады. Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат», — деди ал.

Президент бийлик 2020-жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдү курууну көзөмөлдөө механизмдерин иретке салып жатканын дагы кошумчалады.

«Көзөмөлдү күчөттүк. Кечээ жакында Мамлекеттик курулуш мекемесин реформа кылдык. Мындан ары “бир терезе” болот. “Бишкек башкы архитектураны” Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына берип, Бишкектин ичиндеги курулуштарды ирээтке келтиргиле дедик», — деп белгиледи ал.

Андан тышкары, Жапаровдун айтымында, маморгандар 74 көп кабаттуу үй мыйзамсыз салынганын аныктаган.

«Жерлери трансформациядан өткөн эмес. Беш жылга ижарага деп алып алышып, көп кабаттуу үйлөрдү салып, сатып жиберишкен. Азыр эл жашап жатат. Кызыл сызыкка салынган үйлөр да бар. Андан сырткары, келишим менен мэриядан жер алып жатканда квартиралардын 10 пайызын беребиз деп жерлерди алып алышып, бирок бир дагы батир бербегендер бар экен», — деди мамлекет башчысы эми куруучулар алардын объектилерин мыйзамдаштырып берүүнү суранып жатышканын кошумчалап.

«“Макул биз мыйзамдаштырып берели, бирок сапатын өз мойнуңарга аласыңар. Абийир соту силердин мойнуңарда”, — деп жатабыз. Сүрдүрүп салалы десек эл жашап жатат. Элде эмне күнөө? Убагында кызылдай акчага сатып алышкан да», — деди өлкө башчысы.

Буга кошумча Жапаров мурдагы мэрлер, Мамкурулуш жана «Бишкек башкы архитектуранын» кызматкерлери «коррупцияга кекиртегинен батып» иштешкенин белгиледи.

«Азыр эми биз алардын “кирин” тазалап жатабыз. Эми буга чейин салынып баштап бирок анча-мынча бүтпөй калган үйлөрдү гана, эгер кызыл сызыкка кирип кетпеген болсо, аягына чыгарганга уруксат беришибиз мүмкүн», — деп ишендирди президент.

Түркияда күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө 6-февралда болгон. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырымдык аралыкта болгон. Акыркы жаңылыктарга ылайык, эки өлкөдө каза тапкандарддын саны 40 миңден ашты.