Жапаров талаптарды бузуу менен салынган жана коркунуч туудурган үйлөр бузуларын билдирди

Бийлик техникалык талаптарды бузуу менен салынган жана жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган үйлөрдү бузат. Бул тууралуу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров парламенттин 16-февралдагы жыйынында билдирди.

Депутат Марлен Маматалиев «Түркиядагы кырдаалдан» улам Жапаровго кайрылып, өлкөдө курулган көп кабаттуу үйлөрдү толук текшерип чыгуу үчүн Мамкурулуш менен көз карандысыз эксперттерге тапшырма берүүнү өтүндү.

«Жок дегенде барып бетонун текшерип койсо, М350 маркасына туура келеби же келбейби, жүк көтөрүмдүүлүгү дагы бир жолу карап, лазердик сыноодон өткөрүп койсок», — деди Маматалиев.

Минкабдын башчысы бул боюнча тапшырма берилген деп жооп берди. Анын айтымында, бийлик бетондун жана башка материалдардын сапатын текшерүүчү атайын жабдыктарды сатып алып жатат.

«Эгерде [имараттын] кайсы бир жерин бекемдеш керек болсо, курулушчуларды таап чыгабыз, мейли 10-15 жыл мурун курулган болсо да кайра бекемдеттиртебиз. Бул жумушту биринчи кварталдын аягына чейин аягына чыгарабыз. Ал эми азыркы курулуп жаткан үйлөрдү катуу көзөмөлгө алабыз», — деди Жапаров.

Андан кийин депутат үйлөрдү курууда талаптарды бузууга жол берилгени тууралуу маалыматы бар экенин айтты. Жапаров Маматалиевден колундагы маалыматты берүүнү суранды.

«Эгерде коопсуздук жагынан элдин жашоо турмушуна коркунучу болсо, мындай үйлөрдү бузабыз. Эч нерсесине карабайбыз. Тилекке каршы көп курулуш компаниялардын тажрыйбасы жок, кайсы бир себептер менен үй курган оңой экен деп ар кандай [бузуу] жолдоруна барып жатат», — деди минкабдын башчысы.

Андан кийин Жапаров Түркиянын Эрзинь шаарын мисал кылды, аталган шаар, ЖМКнын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогуна жакын жерде турса да баарынан да аз зыян тарткан. Ал жакта бир дагы имарат ураган эмес. Шаар мэри Оккеш Элмасоглу курулуш иштеринин сапатына жана мыйзамсыз курулуштарга катуу көзөмөл кылынгандыктан шаар зилзалага туруштук берди деп билдирген. Ал эми Factсheck.kg басылмасы шаар жер титирөөнүнүн очогунда болбогондуктан олуттуу кыйроолорго тушукпаганын жана аларга орто күчтөгү гана силкинүү жеткенин жазат.

Сейсмологиялык туруштук боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясынын президенти Улугбек Бегалиевдин айтымында, Кыргызстанда 40 жылдан бери имараттардын сейсмологиялык туруштугу сыналбай калган. Ал өлкөдө сейсмикалык туруштукка сыноочу үч титиретүүчү машина бар экенин билдирди.

«Алар имараттын үстүнө орнотулат. Так жыйынтыкты көрсөтөт. Союз учурунда Фрунзеде сыноолор болуп турчу. Бирок дээрлик 40 жылдан бери андай иштер жүргүзүлбөй калган. Эмне үчүн токтоп калган? Менин оюмча, оптимизация, реформа жүргүзүүдө кайсыл бир түзүм алынат, анан анын функцияларын кимдир бирөөгө өткөрүп берүү керектелет», — деп белгиледи сейсмолог.

Ал мурда өлкөдө типке ылайык долбоорлоо болгонун айтат. Анда илимий-изилдөөчү институттар имараттардын сейсмикалык туруштугун изилдешип, анын жыйынтыгы менен долбоорлоого уруксат берилчү. Ал эми бүгүнкү күндө, анын айтымында, өлкөдө «курулушчу лобби» бар, анын өкүлдөрү парламентте отурушат.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чек арасында күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө болгон. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Түрк бийлигинин акыркы маалыматына ылайык, курмандыктардын саны 36 187 кишиге жетип, жабыркагандардын саны 108 миңден ашты. Сирияга да жеткен зилзалада бийликтин жана БУУнун эсеби боюнча, 5,8 миңден ашуун киши набыт болгон.

Түркия жана Сириядагы көптөгөн кыйроого алып келген зилзаладан кийин Кыргызстанда баш калаадагы башаламан курулуштар маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Алсак, президент Садыр Жапаров өлкө көз карандысыздык алган жылдардан бери Бишкекте салынган үйлөрдүн сапаты «Кудай өзүң сакта» деп жашаганга гана аргасыз кыларын билдирген. Анткен менен президент мындан ары башаламан курулуштарга жол берилбесин, ал эми жаңы курулуштардын сапаты мамлекеттик көзөмөлдө болорун убада кылган.