Коллаж. Сүрөт: Эрнист Нурматов / Azattyk

Президент Садыр Жапаров Курманбек Бакиев баштаган Кыргызстандын мурдагы президенттеринин башын бириктирип, бир жерде жолукту. Бул тууралуу 18-февралда президенттин басма сөз кызматынын башчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга бозгундагы Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана 14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев катышты.

«Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү», — деп билдирди Султанбаев.

Ал эми «Азаттык» басылмасы ишенимдүү булактарына таянып, жолугушуу Дубайда өткөнүн билдирди.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн фейсбук баракчасында «элдин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктиргенин» жазды.

«Азыр бизде түндүк-түштүк болуп, жети дубан өз-өзүнчө бөлүнүп, ар кимиси өз көмөчүнө күл тарта бергени аз келгенсип, улам бир президенттин жактоочулары болуп, калдайган кыргыз калкы жетиге бөлүнүп турган учур, тилекке каршы. Бирок, баарыбыз үчүн ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок, биз “Акаевчи”, “Бакиевчи”, “Атамбаевчи”, “Отунбаевачы”, “Жээнбековчу”, “доконцачы”* жана башка “чылар” дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү менен (лидерлерди бириктирмейин тарапташтар бирикпейт) жамы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!», — деп билдирди Жапаров.

*Садыр Жапаровдун тарапташтарын көбүнесе ушинтип аташат.

Өлкө башчысы «башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктирүү ою көптөн бери көкүрөгүн эзип келе жатканын» белгиледи.

«Көөдөнгө тынчтык бербеген асыл ойду акыры ишке ашырууга бел байлап, соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогулттум. Кыргыз наркын жасап, алдыларына аш тарттым. Уй мүйүз тарта олтура улут келечеги үчүн мурдагы журт башчылары өткөндөрүн сууга салышып, бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти. Албетте, биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти», — деди президент.

Ошондой эле Жапаров көздөгөн максаты — «ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары биригип, бир дем менен улуттун жана экономиканын өнүгүүсү экенин» кошумчалады.

Аны менен катар ал, мурдагы президенттердин «ар биринин жүргүзгөн саясатында алешемдиктер кетип», жада калса «кан төгүүлөр да болгонун» айтты.

«Акаев учурундагы Аксы окуясы, Бакиевдин учурундагы Апрель окуясы, Убактылуу өкмөт учурундагы Июнь каргашасы, Жээнбеков учурундагы Октябрь окуясы, андагы Үмүт аттуу жайнап турган жапжаш жигиттин каза болгону, тилекке каршы, кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Ошентип, канчалаган кырчындай болгон кыргыз жаштарынан — уулдарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары менен туугандарынын нааразычылыктарын сезип турам», — деп жазды өлкө башчысы Садыр Жапаров.

Сөзүнүн аягында президент кыргызстандыктарга кайрылып, «кечиримдүү болуу — улуу салт экенин» айтып, «ата-бабалардын наркында “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген сөз бар экенин» эскертти.

Андан сырткары ал, «буга чейинки журт башчылары менен эч кандай жеке кызыкчылыгы, кастыгы да жок экенин, аларга милдеттүү дагы эмес экенин» баса белгиледи.

Буга чейин, 16-февралда, «Клооп» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күтүүсүз жерден абактан бошотулушу тууралуу эксперттер менен талкуу жүргүзгөн.

Анда алар өлкө башчысы «ар качан кечиримдүү болууга чакырганы менен, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды тагылган айыптар күмөндүү экени айдан ачык экенине карабастан ырайым көрсөтүлбөй жатканына» көңүл бурушкан.

Аны менен катар, «Атамбаевдин бошотулушу — бул тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарууга даярдык көрүү аракети болушу мүмкүн» деген пикирлер дагы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бакиевди сүйгөндөр күнү. Атамбаев эмнеге эркиндикке чыгарылган болушу мүмкүн?

Авторитаризм, саясий өлтүрүүлөр жана кландык башкаруу. Бакиевдин бийлиги кантип кулатылган?