Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен Кой-Ташта. Сүрөт: Адвокат Замир Жоошевдин Фейсбуктагы барагынан алынды.

Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгып, кичи мекени Кой-Таш айылына кайтып барышы бийлик буга байланыштуу белги бербегени үчүн эле эмес, Кыргызстанда жалпы эле куугунтуктар күчөп бараткан шартта да күтүүсүз болду. Мурдагы президентти азыркысы тарабынан расмий «кечирилгени» жоопторго караганда суроолорду көп жаратууда. «Клооп» бул окуянын популярдуу версияларын чогултуп, аларды эксперттер менен талкуулады.

14-февралда, Сүйүү күнүндө, бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күтүүсүздөн эле Молдовановка айылындагы №27 абактан бошотту. Ал 2019-жылдын августунан бери кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыпталып камакта отурду. Атамбаев бул кылмышка президенттик кызматтагы мураскери Сооронбай Жээнбеков менен катуу чырдашып кеткенден кийин айыпталган. Ал Атамбаевдин резиденциясын штурмга алуу менен коштолуп, анын натыйжасында бир нече күч кызматкери жан берген.

Атамбаев күтүүсүз бошотулардын алдында Жогорку сот анын өкүмүн жокко чыгарып, ал эми Биринчи май райондук сот ага чет өлкөгө чыгып дарыланып келүүгө уруксат берген. Анын үстүнө, Атамбаевдин өзүнүн айтымында, бийлик балдар реабилитациялык борборуна берүүнү убада кылган Кой-Таш айылындагы резиденциясы өз менчигинде калууда.

Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Атамбаев бошотулушуна эртеси күнү комментарий берди. Ал мамлекеттик «Кабар» агенттигине курган маегинде Мухаммад пайгамбарды мисал кылып, кыргызстандыктарды «кечиримдүү болууга» чакырды.

«“Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын" деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай Мухаммад пайгамбарыбызга: “Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын” деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат», — деген президент.

Жапаровдун логикасын түшүнүү кыйын болуп турат: себеби Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп камакка алынгандарды аларга карата тагылган айыптар күмөндүү экени айдан ачык болуп турганына карабастан бүгүнкү күнгө чейин эч ким «кечире» элек.

Эмил Жоробаев. Сүрөт: «Азаттык»

«Атамбаевдин соттолушунан да, бошотулушунан да адилеттик жыттанбайт»

«Эмне үчүн чоң мөөнөткө соттолгон мурдагы президентти Жогорку сот бир күндө эле бир калем шилтеп түрмөдөн бошотуп койду?», — деп суроо салат саясат таануучу Эмил Жороев.

Соттун чечими, анын пикиринде, сот адилеттиги же соттук-укуктук процедуралардын сакталышы менен таптакыр туура келбейт.

«Атамбаевди кандай гана укуктук нормаларды бузуу менен соттошкон болсо так эле ошондой [бузуулар] менен бошотушту. Анын соттолушунан да, бошотулушунан да сот адилеттиги жыттанбайт. Эгер кечээ күнү сот адилеттиги орнотулган болсо, анда жок эле дегенде бир топ кишилер мыйзам бузууларга жол бергени үчүн кызматтарынан алынышы керек эле да», — деп эсептейт саясат таануучу.

Жороев эгер сот иштери Атамбаевди бошоткондой эле оңой чечилсе, анда «“Кемпир-Абад” деген иш боюнча камакка алынгандардын деле баш коргоо чарасын эбак эле өзгөртүп коё алышмак» деп ишенет.

«Атамбаевдин соту боюнча кылынгандын баары — экс-президенттик иммунитеттинен ажыратуудан баштап [абактан бошотулушу боюнча] чечимге чейин — мыйзамга түкүрүү болуп эсептелет. Бул окуядан (жана башка жүздөгөн башкаларынан) эл бир эле нерсени көрүп турат: кылмыш жана анын жазасы — мыйзам жөнүндө эмес», — деп билдирди Жороев.

Кыргызстанда, саясат таануучунун пикиринде, Атамбаев айыпталгандай кылмыш үчүн эч ким соттолбойт. «Же өздөрү ошондой кылышат», — деп эсептейт ал.

Алмазбек Атамбаев өзү журналисттерге колониядан бошотулушуна бир эле учурда Испаниянын премьер-министри жана Социнтернанын президенти Педро Санчес (Санчестин бул уюмдагы орун басары катары Атамбаевдин «Социал-демократтар партиясынынын» лидери Темирлан Султанбеков шайланган) салым кошконун айткан.

Бакыт Бакетаев.  Сүрөт: «Клооп»

«Манастыкындай айкөлдүк»

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Садыр Жапаров Атамбаевге болгону айкөлдүгүн көрсөттү деп болжойт.

«Негизинен, албетте, элдин көбү кубанычка гана толуп турбастан, Атамбаевдин бошотулушу менен кандайдыр бир жарыкчылык ачылгандай болду. Эл гумандуулукту дайыма кубаттап келген, анан бул жерде дагы, албетте, гумандуулук роль ойноду. Алар [УКМКнын башчысы Камчыбек] Ташиев экөө аны көпкө кармап, кыйнай деле алышмак да, ошондуктан бул жерде гуманизм бар — белги, бул Манастыкындай айкөлдүк», — деп билдирди Бакетаев.

Аида Алымбаева.  Сүрөт: «Азаттык»

«Кеңпейил диктаторлор»

Жапаров бийлигин кармап калуу үчүн гуманизмди колдонсо керек деп эсептейт саясат таануучу Аида Алымбаева. Анын айтымында, Жапаров өзүн «коомдун ар башка сегменттегилерин канааттандырган адилеттүү башкаруучу катары көрүнгүсү келет».

«Бирок экономикалык каатчылык шартында коомдун колдоосунан айрылып калгысы келбейт. Менимче, аны ушул максат менен эле, бийликте калып, бийлигин жоготуп албаш үчүн эле бошотушса керек», — деп кошумчалады ал.

Медет Төлөгөнов.  Сүрөт: БААУ.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов да ушундай эле пикирди карманат. Анын айтымында, блогер жана активисттерди аябастан кармоолор, ошондой эле өлкөдөгү сөз эркиндигине кол салуулар бийликтин сес көрсөтүүсүн элестеттирет. Ал бийлик Атамбаевди бошотуу менен «аларда деле адамгерчилик бар деген айрым бир белгини» көрсөтүүнү чечти деп эсептейт.

«[Атамбаевди] “биз кармаганды эле эмес, бошотконду да билебиз” дегенди көрсөтүү үчүн бошотушту. Бир жагынан, ойлоп көрсөк, бир саясатчы бошотулганда, көңүл Кемпир-Абад иши боюнча камалып отурган башка ондогон кишилерге да бурулуп кетет. Бири экинчиси менен диссонация болот. Бул жерде логиканы түшүнүү да кыйын — алар эмнени көздөгөнү [түшүнүксүз]. Балким бул “биз сес көрсөткөндү эле эмес, кең пейил да боло алабыз” дегенчелик болушу мүмкүн», — дейт ал.

«Атамбаевдин алтын доорунун» элесине

Алымбаеванын дагы бир версиясы: бийлик Атамбаевдин тарапташтарына, ал өлкөнү жетектеген учурду Кыргызстан үчүн эң мыкты учур болгон деп эсептегендерге жагынууну каалап жатат. Алымбаева бийлик баалардын өскөнүнөн, инфляциядан жана өлкөдө жакшыруунун болбогонунан улам коомдогу чыңалуунун өсүп жатканынан корккон болушу мүмкүн деп болжоду.

«Ошондуктан бул кызуулуктун деңгээлин кандайдыр жол менен төмөндөтүү жана калкка кандайдыр бир адилеттүүлүк бар экенин көрсөтүү үчүн бийлик өкүлдөрү ушундай Атамбаевди бошотуу чечимине келишти. Анткени коомдун белгилүү бир бөлүгү үчүн Атамбаев башкаруусу учурунда экономика, социалдык камсыздоо жана саясий эркиндик жактан эң мыкты доор болгон башчы катары эсептелет. Жарандар Садыр Жапаров менен Атамбаевдин башкаруусун салыштыра башташкан, бир катар критерийлер боюнча Атамбаев утуп чыккан», — деп эсептейт ал.

«Бул Путиндин каалоосу»

Кыргызстандын өкмөтүнүн аппаратынын координациялоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Эркин Сакиев бийлик тараптан Атамбаевге кечирим менен ырайымдык кылуу жөнүндө сөз дагы болбошу керек деп ишенет. Анын айтымында, бошотуу Орусия президенти Владимир Путиндин «каалоосу», «ошондой эле олуттуу согуштук тобокелдик менен экономикалык катаклизмдин алдында ички саясий күрөштүн оорчулугун жеңилдетиш үчүн» болду.

Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Сүрөт: Sputnik.

«Ошондуктан, эч кандай ырайымдуулуктуу күтпөй эле койгула жана Кемпир-Абад ишинин айланасында кармалган активисттерге карата эч кандай жеңилдиктер болбойт, анткени алар — ресурсу бар саясий күч эмес, алар болгону гана курал, […] жана албетте бул бийликтин жеке өзүнүн коопсуздугу жана башкаларга көрүнүүсү үчүн куралы гана. (Эгер жаңылышып калган болсом абдан кубанат элем)», — деп өзүнүн Фейсбуктагы барагында жазды ал.

Сакиевдин пикиринде, Атамбаевдин бошотулушу «Москва Кыргызстан менен болгон экономикалык алакасын сапаттуу өзгөртүүнү чечти жана өлкөнү өзүнүн санкцияларды азайтуунун бирден бир базасы кылгысы келип жатат деген айрым кептердин логикасын тастыктап турат».

«Мүмкүн, алар Бакиевге да жол даярдап жатышат»

Курманбек Бакиев расмий аялы Татьяна Бакиева, уулдары Марат, Максим Бакиев жана анын жубайы менен.

Медет Төлөгөнов дагы Атамбаевдин бошотулушу — бул тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарууга даярдык көрүү аракети болушу мүмкүн деп эсептейт. Бакиев менен учурдагы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тандеми байланышта болчу.

Дагы окуңуз: Бекешев: «Бакиевчилерди реабилитация кылуу аракети болуп жатат, бирок андай кыла алышпайт»

«Бакиевди кайтаруу [азыр] коомдук тынчтык жактан алып караганда бийликтин кызыкчылыгында болбошу мүмкүн, — дейт саясатчы. — Бирок балким, узак мөөнөттө ушундай пландары бар болушу жана бул ал пландын бир кадамы болушу мүмкүн: бизде [абакта] отурган бир дагы экс-президент болбошу үчүн», — деди Төлөгөнов.


Экс-президенттердин баарын кечирүү, эксперттин айтымында, Жапаров менен Ташиевдин Кыргызстандын саясий тарыхын калыбына келтирип, аны жаңы барактан баштоо жөнүндөгү миссиялык идеясына туура келет. Бул дагы Бакиевдин өлкөгө кайтып келишине жол ачат.


«Балким, алар отуруп “мына, кымбат кийимдерди [кийип жүрөбүз], кымбат “Ленд крузер” [сатып алып жатабыз], Кемпир-Абад ишин [козгодук]. Кел эми жан дүйнөбүздүн башка тарабын көрсөтөрбүз? Мына, анча деле каарду эмеспиз дээрбиз. [...] Кимдир бирөөнү кечирип, башкасын кечирбей, бирок кандай болгон күндө да, баары жаңыдан башталып жатканын көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Балким, ушул сыяктуу нерселер менен Бакиевге жол ачып беришүүдө. [...] Кечиримдүүлүк баары үчүн дегендей», — деген пикирин билдирди Төлөгөнов.

Жапаровдун жилеткасы. Социалдык тармактан алынган скриншот.

Жапаров менен Ташиев Курманбек Бакиевге көп эле нерсе карыздар. 2005-жылы бийлик алмашканда Садыр Жапаров Бакиевдин «Элдик кыймылынын» жактоочусу болгон, 2007-жылы Бакиевдин «Ак-Жол» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан. Кийинчерээк Бакиевдин кеңешчиси, Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттиктин жетекчиси болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Жапаровдун эжеси Райкүл дагы Бакиевдер менен байланышта болгон.

Камчыбек Ташиев да Бакиевдин тушунда биринчи жолу парламентке келип, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча комитетке мүчө болуп, Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга катышкан. 2007-жылы Бакиев аны ӨКМге жетекчи кылып дайындап, кийинки жылы Ташиевге генерал-майор наамын ыйгарып, Коопсуздук кеңешине кошкон. Ошол эле жылы Ташиев ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин жетекчиси болуп дайындалган.

2020-жылы Ош облусунда шайлоого чейинки үгүт учурунда президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди «эл кечирсе Кыргызстанга алып келерин» айткан. Эки жылдан кийин Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде Бакиевдерди «эл унутканына 12 жыл болду» деп белгилеген.

Бакиевдердин кайтып келиши тууралуу сөз кылуунун бирден бир себеби, Бакиевдин кадрларынын кайрадан бийликке келиши, өзгөчө бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да айткан. Андай кадрлардын бири — энергетикалык компаниялардын мурдагы топ-менеджери, Бакиевдин уулу Максимдин досу, коррупцияга айыпталган Алексей Ширшов. Президент Садыр Жапаров аны менен болгон жолугушуусун Ширшов Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен 200 миллион долларды кайтарууга көмөктөшүп жатканы менен түшүндүргөн.

Сүрөттө солдон оңду карай: Алексей Ширшов, Максим Бакиев, оң жагында Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген Санжар Сапарбеков.

Парламентте болсо Курманбек Бакиевди жылуу сөздөр менен эскерип жатышат. Январь айында бозгун президенттин жубайы каза болгондо депутат Надира Нарматова экс-президентке көңүл айтып, «Сизди сыйлап, күтүп алаар элиңиз бар» деп пост жазган. Нарматов түрдүү президенттин тушунда аткаруу бийлигин колдоп жүргөнү менен белгилүү.

Азыр Фейсбукта Бакиевдин тарапташтары Атамбаевдин бошотулушун кубаттап, Бакиевди да «реабилитациялоого» убакыт келгенин ачык эле кыйытып жатышат.

Атамбаев саясатка кайтпаса керек…

Атамбаев Кой-Таштагы резиденциясына кайтып келгенден кийин маалымат жыйынын өткөрүп, Испанияга дарыланууга кетээрин билдирди. Бул болсо өлкөдөн кетүү боштондукка чыгуунун шарты болгон деген божомолду жаратты.

«Менимче, ушундай шарт болгон, Атамбаев саясий күрөшкө аралашпай жана Садыр Жапаровго каршы турган күч болуп калбаш үчүн өлкөдөн кетип жатат. Бур режимдин туруктуулугуна коркунуч алып келбейт, анткени, азырынча ал активдүү саясий имшер боло албайт», — дейт Алымбаева.


Медет Төлөгөнов Атамбаевдин эркиндикке чыккан соң саясатка кайтып келеринен күмөн санайт. Анын айтымында, мурдагы президент дагы эле ага бир нече кылмыш иши коюлганын, бийлик ушундай жол менен аны «тергөөнүн кайырмагына илип» жатканын түшүнүп эле турат.


Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Темур Умаров дагы саясатка кайтып келүү Атамбаевдин кызыкчылыгына азыр туура келбейт деп эсептейт. «66 жашында кайра саясатка чуркабаса керек. Ал буга чейинки президенттер Акаев менен Бакиев сыяктуу эле Кыргызстандан тышкары, мүмкүн, музыка жаатында ишин улантат. Саясатта болсо өзү ырдагандай “жасап үлгүрбөй калганын достору бүтүрүшөт”», — деп жазган Умаров өзүнүн телеграм-каналына.

…бирок Кыргызстанга кайтып келе алат

Бир чети, 2019-жылдан бери Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү көп эле болду, бирок кеткен жок. Ошол себептен, Төлөгөнов мурдагы президенттин Кыргызстанга кайтып келүү ыктымалдуулугун 50/50 деп баалады.

«Кандай жагдай болбосун, мага ал саясий жактан тарыхта калууну көздөгөн адамдай сезилет. Ал дагы бир бозгун президент катары тарыхты калгысы келбесе керек, — деп божомолдойт ал. — Анан калса, аты Акаев менен Бакиевдин ысымы менен бир катарда айтылышын каалабайт чыгаар, бул болсо, бозгунда жүргөн президенттин үчүнчүсү болуп калат. Андыктан, анын кайтып келишине ушундай себептер түрткү болушу мүмкүн».

Материалды жазгандар: Айжамал Джаманкулова жана Виктор Мухин.