Бир кадр менен: Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан бошотулду

Алмазбек Атамбаев абактан чыкты, 2023-жыл 14-февраль.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясынан бошотулду. Аны жакындары жана жактоочулары, экс-депутаттар Рыскелди Момбеков менен Асел Кодураңова тосуп алышты.

14-февралда түштөн кийин Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча Атамбаевге карата өкүмдү жокко чыгарган. Бул иш боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Ал эми Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президентке дарылануу үчүн Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгууга уруксат берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку сот Атамбаевдин кримтөбөл Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишин кайра кароого жиберди