Бир эле үйдүн туруктуулугун текшерүүгө 200-300 миң сом керектелет — Курулуш институтунун директору

Сейсмологиялык курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Камчыбек Кенжетаев бир эле көп кабаттуу үйдүн жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү үчүн 200-300 миң сомго жакын каражат керектелерин билдирди. Бул тууралуу аткаминер 21-февралда парламенттин транспорттук коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтты.

Анын айтымында, Бишкектин кичи райондорундагы үйлөр 1970-1980-жылдары салынган, алардын сейсмологиялык туруктуулугу акыркы жолу 1982-жылы текшерилген.

«Бизде көзөмөлдөө функциясы жок. Эгер үйдүн ээсинен арыз түшсө гана текшеребиз», — деди Кенжетаев.

Буга депутат Исхак Масалиев Түркиянын тагдырын кайталап калбаш үчүн көп кабаттуу үйлөрдү кайра баштан текшерүүгө же сүрдүрүүгө убакыт келди деп жооп кайтарды. Эл өкүлү ведомство үйлөрдү текшерүүгө каражат табышы керек, анткени Бишкектин бюджети «миллиарддык каражаттарды» түзөт деп кошумчалады.

Ошол эле кезде Мамкурулушка караштуу мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн директору Таланбек Иманкул уулу Түркиядагы имараттардын курулуш сапатын Кыргызстандагы менен салыштырууга болбосун кошумчалады. Анын айтымында, Кыргызстан сейсмологиялык активдүү аймакта турганы СССРдин тушунда эле билинген, ошондуктан курулушка талап дайыма жогору болгон.

«Андан тышкары, Түркиядагы инвесторлор түзүп келген долбоорлору биздин мамлекеттик экспертизадан өтпөй калат. Ошол түрк инвесторлор силердин талаптар абдан күчтүү экен деп айтышкан. Мына биздин ӨКМдеги кесиптештерибиз Түркияда болуп келишти. Алар 8-10 [мм] арматура менен салынган үйлөр бар экен деп айтып келишти. А бизде көп кабаттуу үйлөрдөгү арматуралар жок эле дегенде 16-18 [мм] жогору башталат», — деди Иманкул уулу.

6-февралда Түркия жана Сирияда эки жолу катуу жер титиреген. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон. Табият кырсыгынан каза болгондордун саны эки өлкөдө тең 21-февралга карата 47 миң адамдан ашып, дагы жүз миңдеген адам жабыркады. Зилзаладан улам миңдеген имарат толугу менен кыйрап калган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын баш калаасындагы башаламан курулуштар маселеси дагы күн тартибине чыкккан. Алсак, президент Садыр Жапаров өлкө көз карандысыздык алган жылдардан бери Бишкекте салынган үйлөрдүн сапаты «Кудай өзүң сакта» деп жашаганга гана аргасыз кыларын билдирген. Анткен менен президент мындан ары башаламан курулуштарга жол берилбесин, ал эми жаңы курулуштардын сапаты мамлекеттик көзөмөлдө болорун убада кылган.

Ал эми минкабдын башчысы Акылбек Жапаров бүткүл курулуш тармагын реформалоо боюнча программанын долбоорду иштеп чыгууну тапшырган.