Талас: 11 жашар кызга ыдык көрсөтүүгө айыпталган киши алты жылга кесилди

Талас облустук соту 11 жашар кызга ыдык көрсөтүүгө айыпталган киши алты жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Аялзат» коомдук фондунун юристи Луиза Сүйүнтбековага таянып 24.kg басылмасы жазды.

Анын айтымында, сот айыпталуучуну КР Жазык кодексинин «Ыплас аракеттер» беренеси менен күнөөлүү деп тапты.

«Айыпталуучу алты жылга эркинен ажыратылды, күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза өтөйт. Сот залынан камакка алынды», — деди Сүйүнтбекова.Жабыркаган кыздын апасы 24.kg басылмасына айыпталган киши алардын кошунасы экенин, кылмыш 2022-жылы жайында болгонун айтып берген.

«Биз мурда кошунабыздан коркуп жүрчүбүз, себеби ал соттолуп келгенин билчүбүз. Окуя болгон күнү [кызым] үйдө жалгыз болчу. Анан кызым кошуналардан скотч сураптыр, бирок эч кимден таппаптыр. Андан кийин кызым айыпталуучунун эшигин такылдатып барган экен. Ал эшигин ачып, анда дагы [скотч] жок экенин айтыптыр. Көп өтпөй эле биздикине келип, кызыма асыла башаптыр. Кызымды өпкүлөп, басып алып секирип, жылаңачтантам деп коркуткан экен», — деген жабыркаган кыздын апасы.

Талас шаардык соту өткөн жылдын декабрынын аягында айыпталуучуну үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарып, ал сот залынан бошотулган болчу. Бирок жабыркаган тарап бул чечимдин үстүнөн даттанган, себеби кылмыш болгон учурда атайыпталуучу ансыз да пробациялык көзөмөлдө жүргөн.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Зомбулуктан жапа чеккен балдарга кантип жардам көрсөтсө болот?

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат, ошондой эле күнүгө күнү-түнү иштейт. Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Зомбулукка кабыл болгон балдарга жардам бере турган борборлор иштейт. Төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.