Ош: Мэрия шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун коомдук талкууга койду

Ош шаардык мэриясы шаардын борбордук бөлүгүнүн акыркы деталдык пландоо долбоорун 2 айлык мөөнөткө коомдук талкууга койду. Бул тууралуу калаа бийлигинин басма сөз кызматы 10-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору 3500 гектар жер аянтына иштелген — анда шаардын перспективалык кеңейүүсүнүн чек аралары кошо камтылган.

Перспективалык калктын саны — 360,8 миң адам. Ал эми 3500 гектар жер аянтынын чек арасы Ош шаарынын төмөндөгү көчөлөрү менен чектешет: Көкүм-Бий, Батыш долбоорлонуучу көчө, Курманжан Датка, Касымбеков, Раззаков, Авиценна, Ак-Тепе каналы, батыш долбоорлонуучу көчөлөр, Памир, «Ош-Пансионаты», Увам каналы, Исанов, Ак-Буура дарыясы, Сүйүнбаев, № 43 түштүк-батыш көчөсү, Мамыров, Осмонов жана батыш долбоорлонуучу көчөлөр.

Ош шаарынын борбордук бөлүгү 7 турак жай аймактарга бөлүнгөн. Ар бир аймактын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү долбоордун негизги жоболорунда берилгени айтылат.

Коомдук талкуу 2 ай бою мэриянын, шаардык кеңештин жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын сайтында турат. Мындан сырткары жер-жерлерди коомдук угуулар өтөт.

Мэрия шаар тургундарын долбоорго ой-пикир кошууга чакырды. Байланыш үчүн телефондор: (03222) 5-57-45, 4-85-37.

Ош шаарынын деталдуу пландоо долбоору бир канча жылдан бери бүтпөй келген — бул аралыкта калаада мэрлер алмашты. Шаардагы укук коргоочулар жана активисттер бул калаада мыйзамсыз токтомдор чыгып, жер участоктору берилип, башаламандык орношуна себеп болгонун айтышкан.

Ал эми калаа бийлигинен долбоордун көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтпөй калганына коронавирус пандемиясы таасир эткенин билдиришип, деталдык пландоо долбоору 2023-жылы бекитилери күтүлүп жатканын белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарында жерлер жеке колдорго кандайча өтүп жатат? Түшүндүрөбүз