Редакцияга белгисиз булактан келген видеодон скриншот

Борбор Азиядан келген мигранттарды орус армиясы үчүн, анын ичинде Украинанын оккупацияланган аймактарында окоп казуу үчүн тартып жатышат. Мынай жумуш үчүн күнүнө 6000 рубль сунушталат. Бирок жумуштун реалдуу шарттарын бул акча актабайт: ондогон жумушчулар Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан каза болсо, кээде жумуш берүүчүлөр алдап кетет, ал эми мекенинде мигранттарды түрмө жана жарандыгынан ажырап калуу тооруп турат.

«Иштегени келгиле, бул жерде бомба жарылганы угулуп турат»

Шамал ышкырган талаада, униформа жана камуфляж кийген чарчаңкы эки киши дөңгөчкө көчүк басып отурат. Айланада — жаңы эле казылып, үйүлгөн топурак. Видеого тартып жаткан киши кыргызча, шайыр үн менен баарын «репортаж берип коюуга» чакырат. «Жакшы, жумуш», — деп жооп беришет анын шериктери. Бирок алардын бири күлүп, акырын: «Келбегиле», «келбегиле» деп кайталайт. Ага жооп кылып башка биринин «Келгиле, иштеп кеткиле. Мына бала отурат, эки күн иштеп койду» дегенин угууга болот.

Бул видеону «Клоопко» жөнөткөн булак тасма Украинанын аккупацияланган аймактарында тартылганын, ал эми окопторду оюп жаткан кишилер — Кыргызстандан барган мигранттар экенин айтып ишендирүүдө. «Клооп» бул видео Украинада тартылганын бейтарап булактардан тастыктай алган жок.

Редакцияга келген аудио жазуулардын биринде [аны дагы биздин булактар жөнөткөн] эркек киши кыргыз тилинде орусиялыктар мигранттарды — кыргыздарды, тажиктерди, өзбектерди — окоп казууга чогултуп жатышат деп айтып берип жатат. Бул үчүн «күнүнө 10 миң сомдон» төлөп, атайын форма беришет деп убадалоодо. Кырдаалды ал минтип түшүндүрүүдө: «Бомбалардын үнү угулуп турат, бирок иштесе болот».

Орусия фронт линиясына бойлой коргонуучу тосмолорду кура турганын «Вагнер» ЧВКнын негиздөөчүсу, Путинге жакын бизнесмен Евгений Пригожин 2022-жылы октябрда айткан.

Ал эми ноябрдан тартып орусиялык сайттарда жана Борбор Азиянын мигранттарынын телеграм-тайпаларында окопторду, блиндаждарды, танкага каршы арыктарды казуу үчүн ошондой эле аскерлер үчүн тосмоолорду чыңдоого жана башка жумуштар үчүн адамдар керек деп жарнамалар чыга баштаган. Жумушчуларды бүткүл Орусия жана Абхазия боюнча топтошкон.

А чынында эмнеге аз төлөп жатышат

«Коргонуу линияларын уюштурууга» жумушчуларды алуу тууралуу жарыя Орусиянын Headhunter, «Авито» сайттарында жана облустук масштабда жок эле дегенде эки сайтына чыккан. Окопторду Украинанын оккупацияланган Луганск, Запорожск облустарына жана Орусия менен чектешкен Белгородск облустарына казуу керектиги айтылат.

Жарыялардын биринде «октун үнү угулат, бирок көрүнбөйт» деп көрсөтүлгөн. Бул бизге келип түшкөн аудиолордогу кырдаалдын сүрөттөлүшүн толугу менен кайталап: жумуш орду согуш жүрүп жаткан аймакка жакын экенин тастыктап турат.

Тобокелдик үчүн жумуш берүүчүлөр айына 45 миңден 180 миң рублга чейин же саатына 300 рублдан (4 доллардан) төлөп бергенге даяр. Мындан тышкары, акысыз болот деп көп нерсени убадалашкан: жол кире, медициналык кароо, жатакана, үч маал тамак жана атайын жумушчу кийим. Талап — чың ден соолук жана 20дан 50 жашка чейинки жаш курак.

Биринчи караганда жашаган жери жана үч маал тамагы менен күнүнө 5000-6000 миң рубль бул айрым жарыялар убадалагандай эле — жакшы акча, айрыкча Кыргызстан үчүн. Бирок Орусияда мындай акчаны катардагы эле жумуш берүүчүлөр: мисалы Ozon’дун кампаларында нөөмөтүнө 5700 рублга чейин сунушташат.

Мындан тышкары, казуучуларга төлөнгөн реалдуу айлык бир карагандан аз болушу мүмкүн, анткени шартында — жумуш вахталык деп белгиленген. Толук айлык акыны жумушчу вахта бүткөндө 60 же 90 күндөн кийин гана алат. Биринчи бир жарым ай ичинде жумушчуга суткасына аз өлчөмдөгү жана 3000 рублдан эки аванс төлөнөт. Бул бир жума ичиндеги алты — 11 саатан турган жумуш күндөрү үчүн, бул стандарттык жүк боюнча (жумасына 40 саатты) 1,7 пайызды түзөт.

Ушул сыяктуу жарыяларды чыгарган «Стройком» компаниясы өзүнүн сайтында сыймыктануу менен анын адистери жүздөн ашык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды деп билдирүү жасаган. Алардын бири орусия тарап аннексиялап алгандан кийин, Краснодар аймагын жарым арал менен байланыштырган — Крым көпүрөсү. Ал жерде «Стройком» штатка Орусиянын жарандары гана алынарын белгилеген. Бирок башка сайттарда жайгаштырылган жарыяларда жер казуучуларды алууда бул шарттар жазган эмес.

«Вконтакте» сайтындагы жарыялар

«Вконтакте» социалдык түйүнүнө жеке адамдар тарабынан окоп жана блиндаж казуу үчүн жумушчулар кабыл алынат, эмгек акысы 4000ден 7000 рублге чейин деген бир нече жарыя жүктөлгөн. Бирок башка аймактар көрсөтүлгөн: Украинанын Мелитополь шаары, Орусиянын чек арага жакын Белгород облусу жана Донбасс. Жумушчулардан болгону паспорт менен 18 жаштан жогору болушу талап кылынган.

Мигранттардын тайпаларындагы жарыялар

Негизи мигранттар үчүн вакансияларды жана башка мүмкүнчүлүктөрдү (Орусияда каттоого туруу, документтерди даярдоо кызматтары, мигранттын карточкасын, медициналык китепчесин, патенттерин, айдоочулук күбөлүгүн жана башкаларды каттоону) чыгарган телеграм тайпаларда окоп казууга жумушчуларды алуу боюнча кыргыз жана өзбек тилдеринде жарыялар пайда болду.

Шарттары Москвадагы башка жер казуу жумуштары камтылган жарыяларга караганда алда канча жакшы көрүнөт. Орусиянын борборунда мындай жумуштарга күнүнө 2000-2500 миң рубль сунушташат. Ал эми Украина менен чек арада жана оккупация болгон аймактарда окоп казуу үчүн жарыяларда жана мигранттардын телеграмдагы тайпаларында нөөмөтүнө 2500дөн 8000 рублга чейин сунуш кылышкан.

Бул тайпадагы айрым жарыялардын өзгөчөлүгү — жумуш үчүн документтер талап кылынбайт. Алтургай, чет элдиктерге документтерин тууралоого жардам берүүнү сунушташкан же жарандык маанилүү деле эмес деп жазышкан. Мигранттар үчүн делген телеграм тайпалардагы жарыялардын авторлору, ошондой эле, жумуш берүүчүлөрдөн эгер жумушчу «окоп казууда» төрт айдан кем эмес иштесе, орус жарандыгын алууга жардам берүүнү да сунушташкан.

Тайпалардын биринде бир нече видеолор тараган, анда униформачан жумушчулар окопторго жыгач тирөөчтөрдү орнотуп, өз ара өзбек тилинде сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.

«Клооптун» журналистери Кыргызстандык мигрант болуп телеграм-тайпадагы жарыялар аркылуу «жумушка орношууга» аракет кылып көрүштү. Жарыяларда белгиленген номурлар жана мессенджерлер аркылуу бизге, жумушка бир гана паспорт жана өздөрү жасап беребиз деген соттолбогу тууралуу маалымкат керек экенин айтышты.

Жумушчулар арасында курман болгондор көп, акчаларын бербей коюп жатышат»

Бул жумуш орундарына кызыгып, Новосибирсктен жалданып келген 84 жумушчу Луганск облусундагы аккупацияланган аймакта Украинанын аскердик күчтөрүнүн соккусунан каза болгон. Бул тууралуу «Азаттык Радиосунун» орус кызматынын журналисттери өз иликтөөсүндө айтышкан. Каза болгондордун арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундары болгонбу же жокпу, азырынча белгисиз.

Орусиянын бийлиги ок атуудан 11 жай тургун курман болуп, 17 киши жарадар болгонун тастыктаган. Бирок иликтөө чыккандан кийин, орус президенти Владимир Путин өкмөт менен жолугушуусунда аккупацияланган аймактарда «коргонуучу жайларды» курган жумушчулар да каза болгонун ырастаган.

Жумушчуларды Украинанын соккуларынан каза болуу коркунучунан тышкары башка жагымсыз жагдайлар да күтөт: антисанитардык шарттар, жылыбаган үйлөр жана «айбанга жасалган мамиледен да начар мамиле». Бул тууралуу «Настоящее времянын» материалында айтылат.

Басылманын маалыматына ылайык, Тажикстандан келген мигранттар Орусиянын полициясына кайрылып, Украинанын орус аскерлери басып алган Запорожье облусунун аймагында окоп казганы үчүн убада кылган эмгек акылары төлөнбөй жатканын айтышкан.

Бул тууралуу Аминжон аттуу тажик жаранына таянып Baza аталышындагы телеграм-канал дагы жазып чыккан. Анын айтымында, жумушчуларга убада кылынган акчадан үч эсе аз төлөп беришкен. Башка жумушчуларга мындан дагы жаман болду: бирөө аппендицит болду, башкасы колун жоготуп, бирок эч кандай медициналык жардам алган жок. Аминжон полицияга кайрылгандан кийин, ага коркутуулар башталган. Эми ал үйдөн чыккандан коркуп жатат.

Украинада өмүр бою эркинен ажыратылат, мекенине барса жарандыгынан кол жууйт

Орус армиясы үчүн, анан калса Украинанын аккупацияланган аймактарында окоп казганы үчүн мигранттар эң аз дегенде төрт кылмыш ишинин негизинде жазага тартылышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү укук коргоочу, мигранттардын укуктары боюнча адис Валентина Чупик айтып өттү.

Анын айтымында, эгер мындай мигранттар украин аскерлеринин колуна түшүп кала турган болсо, алар аккупацияланган жерлерде окоп казгандыктан Украинанын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө соттолушат — бул болсо эки жылдан беш жылга чейин абакка кесилүү коркунучун жаратат. Андан тышкары, мигранттарга Украинада салык төлөөдөн качканы үчүн айып салынышы мүмкүн деп эскертти Чупик.

Эгер украиналыктар мигранттар «Вагнерге» иштеп жатышканын же аккупациячыл бийликтин мыйзамсыз иштерине жардамдашып жатышканын (мисалы, эгер мигранттарды мамлекет жалдаган болсо) билишсе, Украинада мигранттар террористтик уюмдардын ишмердигине көмөктөшүү деген айып менен 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кургактыкта согуш жүргүзүү адаттары жана мыйзамдары боюнча конвенцияга ылайык, окоп казган мигранттар согуштук аракеттердин катышуучулары катары каралбайт. Бирок окопторду акчага казуу менен жана башка өлкөнүн жараны болгондуктан алар согуштун адаттарын жана мыйзамдарын бузган болуп эсептелишет жана кылмышкер болуп калышат. Ошондуктан алар аскерлердей болуп туткунга алынбайт, анын ордуна Украинанын мыйзамдуу бийлигинин алдында жоопко тартууга чакырылып, андан соң өмүр бою кесилишет.

Чет жерде аскердик багыттагы коргонууларды куруу мигранттардын мекенинде конфликтке катышуу деп эсептелеби-жокпу, айтуу кыйын. Бирок Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиние ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскерткен.

Андан тышкары, Кыргызстандын жараны башка өлкөнүн аймагындагы куралдуу конфликттерге же аскердик аракеттерге катышса жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн.

Эмне себептен жазасыз катуу — кооптуу иллюзия?

Азыр окоп казгандар үчүн мекенинде жазага тартылуу ыктымалдуулугу өтө жөнөкөй сезилиши мүмкүн, анткени Кыргызстан көп жагынан Орусиядан көз каранды. 2022-жылы орус өлкөсүнөн Кыргызстанга жеке жактардан акча которуулар 2,7 млрд доллардан ашып, тарыхый рекорд койгон. Ал эми батыштын товарларын Орусияга кыргыз ортомчул фирмалары аркылуу реэкспорттоо, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын маалыматына ылайык, кыргыз казынасына 36 млрд доллардан ашык киреше алып келген.

Кыргызстандын бийлиги Москва менен мамилесин бузгусу келбейт жана аскердик аракеттерге катышкан жарандарына тандалма мамиле жасайт. Украина үчүн согушкан же жөн эле аны колдогондорду бийлик жазалоого даяр, Орусия үчүн окоп казгандарды болсо — жок. Айталы, Орусия Федерациясынын аскерлеринин курамында Украина менен согушуп каза болгон кыргызстандыктардын өлүмүнүн иликтөө тууралуу эч кандай кабар жок. Ошол эле учурда, Украинаны колдоп же согушка каршылык билдирип акцияга чыккандарды Кыргызстанда кармап кетишет.

Бирок тышкы саясаттын конъюнктурасы бат өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде бир учурда кыргыз бийлигине нейтралитет көрсөтүү же Орусия тараптан болгон агрессияга критикалык мамиле көрсөткөн пайдалуу болсо, анда бүгүн украиналык аккупацияланган жерлерде окоп казып жаткан мамлекет жарандары түрмөгө түшүп калышы мүмкүн. Же болбосо өзүнүн жарандыгын жоготуп алышы мүмкүн.


Автор:
Арууке Солтоной 

Редакторлор: Екатерина Резникова, Виктор Мухин