Өлкөдө доллар тартыш болуп жаткандыктан Улуттук банк резервдеги долларларды ички рынокко чыгарууга аргасыз болууда. Улуттук банк аны калктын керектөө товарларына болгон жаңы жылдык суроо талабы деп түшүндүрүүдө. Экономист Сапар Орозбеков бул түшүндүрмөнү ынанарлык эмес деп эсептеп, чет өлкөгө валюталык которуулардын кескин өскөнүнө көңүл бурду. Доллардын көпчүлүк бөлүгү Орусияга кетүүдө.
Улуттук банк 10-январда коммерциялык банктарга 104,25 млн доллар сатып, быйылкы жылдын биринчи валюталык интервенциясын жасады. Башкы банк аны калктын Кыргызстанда өндүрүлбөгөн жана чет элдик валютага сатып алууга туура келип жаткан керектөө товарларына болгон жаңы жылдык суроо талабы деп түшүндүрүүдө — ушундан улам импортёрлордун долларга суроо талабы көбөйгөн.
Бишкектеги экономикалык анализдөө борборунун директору Сапар Орозбаков мындай түшүндүрмөнү «ишенчээктер үчүн» айтылган түшүндүрмө деп атады. «Суукта адамдар тамакты көп жейт, а бизде тамак-аш чыкпайт да — деп тамашалады ал — Эми буга күлкүң келет да».
Эксперт валюта Кыргызстандан чет өлкөгө, биринчи кезекте Орусияга которулуп жаткандыктан тартыш болууда деп эсептейт. Ал жеке жактардын чет өлкөгө валюталык которуулары өскөнүнө көңүл бурду.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2022-жылдын январ-ноябрь айларында жеке жактар башка өлкөлөргө 912,21 млн доллар которушкан. Анын ичинен 860,3 миллиону Орусияга которулган — бул 2021-жылы чет өлкөгө агылып кеткен доллардын баарынан (562,8 млн доллар) да көп. Орусияга валюталык которуулар апрелден тартып эки эселеп өсө баштап, июль-сентябрь айларында эң жогорку чекке жеткен, Жаңы жылга барып бир аз азайган.
Өлкөнүн алыскы чет мамлекеттерге которуулары 28 эсе — 7,5 млн доллардан 210,8 млн долларга чейин өскөн. Акча көбүнесе Түркияга (185 млн доллар) кеткен, валюта агымынын негизги үлүшү (182,8 млн доллар) акыркы үч айга туура келген. Бирок мында сумма Орусияга которулган валютага салыштырмалуу кыйла аз.
Ошол эле учурда жеке жактар Кыргызстанга которгон валюталардын келүүсү сыртка чыгып кетип жатканы менен салыштырмалуу мурдагыдай эле жогору бойдон калууда. 11 айдын ичинде бул сумма $2,7 млрд доллардан бир аз ашкан, алардын дээрлик бардыгы ($2,6 млрд)ошол эле Орусиядан келген. Өлкөгө келген жана чыккан валюталык агым былтыркыга салыштырмалуу 2,19 млрд доллардан 1,655 миллиард долларга азайган.
Орусияга которулган валюталардын өсүшүн эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода-сатыгы менен байланыштыруу кыйын: эгер бийликке ишенсек, анын баары рубль менен жүргүзүлөт. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандык нефтетрейдерлеринин көбү күйүүчү майды Орусиядан рубль менен сатып ала баштаганын билдирген. Ал эми 20-июнда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстан Орусия менен товардын бардык түрлөрү боюнча соода операцияларын жүргүзүүдө орус рубли менен эсептешүүгө өткөнүн маалымдаган.
Сапар Орозбаковдун айтымында, Орусияга валюта которуулар акча алмаштыруу менен байланыштуу. Рынокто доллар жетпей, Улуттук банк аларды жүргүтүүгө коё бери жатат, себеби долларга суроо-талап бар, суроо-талап жеке жактарда дагы бар дейт эксперт.
Орозбаков «Клооп» менен маектешүүдө суроо-талап долларды алмаштырып жана чыгарып кетип жаткан жеке жактардан эле эмес, 2022-жылдан бери чет өлкөдөн товар сатып алып, аларды кайра Орусияга реэкспорт кылып жаткан бизнес тараптан дагы болууда деген оюн жашырган жок. Эгер Орусия ошол эле учурда Кыргызстандын ортомчу фирмалары рубль менен эсептешип жатса, анда бул да валютанын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Кыргызстанда накталай доллардын тартыштыгы Орусия 24-февралда Украинага толук кандуу кол салуусун баштап, андан соң ага дүйнө мамлекеттеринин көбү болуп көрбөгөндөй санцияларды киргизгенден баштап, дээрлик бүткүл 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин сезилип келе жатат.
Экономист Марат Мусуралиев «Клоопко» курган маегинде накталай валютанын тартыштыгын батыш өлкөлөрүнүн Орусияга накталай доллар менен еврону түз жеткирүүгө тыюу салганы менен байланыштырган.
«Орусиянын өзүндө дал ошол накталай доллар менен еврого суроо-талап күчтүү, натыйжада ал ошол накталай акчаны дүйнө жүзүнөн, биринчи кезекте Орусия менен экономикалык интеграциясы жогору, визалык режими жок, чек арадан өтүү тартиби максималдуу жөнөкөй өлкөлөрдөн “сордура” баштаган», — деп түшүндүргөн ал 2022-жылдын ноябрында.
Кыргызстанда накталай доллардын тартыш болуп жатканына Орусия өз аймагынан долларды которууга тыюу салганы экинчи себеп дейт экономист буларды кошумчалап: «Мурда эмгек мигранттары [Орусиядан] рубль, доллар которушса, азыр алар накталай рубль гана которуп же ташып кете алышат».