Украинадагы согуш курмандыктарын эскермек болгон орусиялыктарга айып салынды

Маалыматт саат 17:30да жаңыртылды

24-февларда Бишкекте кармалган Орусиянын беш жараны коё берилди. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын төрт жаранына карата «Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу» беренеси боюнча укук бузуу протоколу түзүлгөн. Бул берене боюнча 5 500 сом штраф каралган.

Гүлшайыр Абдирасулованын постунан скриншот.

Кармалгандардын тааныштарынын айтымында, орусиялыктар Эмен багындагы «Жер — биздин үйүбүз» деген скульптуранын алдына гүл коюшмак. Бирок алар кармалып, Биринчи май РИИБне жеткирилген. Ошондой эле аларды штаттык кийимчен кишилер кармап кеткени маалымдалган.

Биринчи май РИИБи Орусиянын жарандарынын кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек.Орус армиясы туура бир жыл мурда, 2022-жылдын 24-февралында Украинага ири алкактуу кол салуусун баштаган. Алардын Украинанын аймагындагы аскердик аракеттери бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

БУУнун 21-февралга карата малыматына ылайык, Украинадагы согушта бери эле дегенде 8006 жай тургун курман болду. Дагы 13 миңден ашык адам жарадар болгон. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилеп жатат. Бул тууралуу украин бийлиги да айтууда.

Башкы сүрөт: «Кызыл чатыр».