Бир кадр менен: Гүлдөн көрө эркиндик жана тынчтык тартуулагыла

Сүрөтчү Татьяна Зеленская Фейсбук барагында 8-мартка жана саясий туткундарга арналган иллюстрациясын жарыялады.

«Мага сулуу жана назик бойдон кала бер, жылмайып эле бул азаптуу дүйнөнү кооздоп жүрө бер деген каалооңордү айтпай эле койгула. Менин жашоого пландарым башка. Эркиндикти жана тынчтыкты каалайм! Анан дагы саясий туткундарга эркиндик берүүнү талап кылам», — деп жазды сүрөтчү иллюстрациясына.

Иллюстрацияда тикендүү кызыл розалардын артындагы чачы кыска аялдын образы түшүрүлгөн. Аялдын артынан башка аялдардын дагы көлөкөсүн көрүүгө болот. Иллюстрацияда: «Гүлдүн ордуна эркиндик» деп жазылган.

Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы.

Мурдараак укук коргоочулар жана активисттер өлкө бийлигине кайрылып, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Калара Сооронкулованы, БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, ошондой эле укук коргочулар Асия Сасыкбаева менен Рита Карасартованы абактан бошотууну суранышкан.

Ал эми Карасартова өзү ал жана иштин башка фигуранттары абакта отурганына беш ай болуп баратканын, андан бери тергөө аларга айып тагуу үчүн бир дагы ишеничтүү далил таба электигин жазган.