Карасартова Садыр Жапаровдон Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды бошотууну суранды

Укук коргоочу жана активист, Кемпир-Абад ишинин фигуранты Рита Карасартова абактан кат жазды. Катта ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, «Кемпир-Абаддын коргоочуларына карата терс мамилесинен кайтууну» суранды.

Карасартова өзү жана иштин башка фигуранттары абакта отурганына беш ай болуп баратканын, андан бери тергөө аларга айып тагуу үчүн бир дагы ишеничтүү далил таба электигин жазды.

Ал Жапаровдон акыркы жолугушуу учурунда «анын мамлекет башчылык макамына сыйлабастык мамиле кылганы үчүн» кечирим сурады. Ошондой эле Карасартова президенттен ушул эле иш боюнча өтүп жатканын экс-депутат Асия Сасыкбаеваны, БШКнын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаеваны жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы үй камагына чыгарууну суранды.

«Сиз өзүңүз айткандай “түрмөдө жыландын дагы баласы жатпасын”, бирок тилекке каршы, сиз өзүңүз, үй-бүлөңүз кечкен күндөрдү биз менен чогуу ата-эне, балдарыбыз, бир туугандарыбыз кечип, күйүткө, кайгыга батып турушат. [...] Айрым учурларда, өзгөчө акыркы жолугушууда, аша чаап, мамлекет башчы макамыңызга сыйлабастык мамиле кылганымды мойнума алам жана ал үчүн сизден кечирим сурайм. [...] Эң негизгиси, абакта отурган “Кемпир-Абад коргоочуларына” болгон терс мамилеңизден кайтууңузду сурангым келет. [...] Эгер чынында эле, бир кичинекей чогулушту чоң кылмыш катары кабыл алып жатсаңыз, сизден өтүнөрүм, абакта ден соолугунан ажырап, оор операцияга кабылып, жапа чегип жаткан эне, эжелерибиз Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкуловалардын аялзаттыгын, энелигин, алардын эл үчүн кылган мээнетин урматтап, эң эле жок дегенде улгайган жашын, ден-соолугун, үй-бүлөсүнүн абалын эске алып, үй камагына чыгарып берүүңүздү өтүнөм. Анткени, ошол жыйынга бул айымдар менин суранычым менен, чакыруум аркылуу келип катышып беришкен. Негизги күнөө менде болгондуктан мени камакта калтырууну суранам», — деп жазды ал.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында милиция бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 30га чукул адам кармалган.Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Алардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип фигуранттардын дээрлик бардыгы эки жумадан ашык ачкачылык жарыялашкан.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегенин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп билдирген. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.